Предыдущая публикация
Арасынан кээ бир күндү издедим.
Алаксытып жүрүп мезгил даарылап,
Алда кайда адаштырдым тизмегим.
Ар качан да, акылымдан кетпеген,
Ал күндөрүм сунсам колум жетпеген.
Алмаштырган азыркыны өткөнгө,
Арсыз мезгил! Бооруң таш ээ? -деп келем .
Ай жылдардын арасында жашынып,
Архивинде том-том күндүн басылып.
Атаганат кайталангыс болдуңар,
Ал ансайын сагынычым ашырып.
Анткен менен шүгүр кылам баарына,
Алган менен убакытка таарына.
Азым толуп, жогумду таап олтурам,
Андагы чөл айланып чоң шаарыма.
04.10.2024 ТТ. Татарстан, Набережые Челны.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1