Көп кездешүүчү урологиялык бул оору 20-50 жаштагы эркектерде болот. Ошентсе да 50 жаштан өткөн эркектердин арасында простатиттен жабыр тарткандар көп кездешет. Оорунун өнүгүшүнүн жана курчушунун күнөөкөрлөрү ар кандай факторлор болушу мүмкүн. Мисалы:Инфекция. Простатиттин өнүгүшүнүн негизги себеби - инфекциялык оорулар. Мисалы, гонорея, хламидиоз, микоплазма жана башка ушул сыяктуу.Организмдин өтө муздап кетүүсү. Үшүү да простатиттин бир себеби. Ушуга байланыштуу тоо лыжасы, серфинг сыяктуу кышкы спорт оюндардын сүйүүчүлөрүнүн арасында простатитке чалдыккандар көп кездешет экен.Аз кыймыл. Аз кыймылдуу жашоо образында жүргөн эркектер да простатитке көп чалдыгышат. Өзгөчө шаардыктардын арасында машинадан - компьютерге, компьютерден – телевизордун маңдайындагы диванга... Ушундай “жыргал” жашоодо өмүр сүргөндөр көп. Мындан жамбаштын айланасындагы кан айлануу начарлап, простатиттин пайда болушуна жеткирет.Аягына чейин дарыланбаган оорулар. Бронхитти, ангинаны, гайморитти аягына чейин дарылабаса, булар простатиттин өнүгүшүнүн себепчиси болот. Анткени организмдеги оору пайда кылуучу бактериялар кан менен кошо сезгенүүнүн очогуна барып түшүшү мүмкүн.Стресс. Жаш кездеги спорт менен чегинен ашыкча машыгуу, уйкунун канбастыгы, туура эмес тамактануу, күнү-түнү тынбай иштөө адамдагы стрессти пайда кылат. Организмге физикалык жана психикалык күч келтирүү организмдин коргоочу күчтөрүн алсыздантып, “уктап жаткан” бардык инфекциялардын башын көтөртөт.Жыныстык катнаштын узак убакытка болбоосу. Бир айда эки жолу же андан да аз ирет жыныстык катнашта болгон эркектердин простатит менен оору коркунучу жумасына 2-3 жолу жыныстык катнашта болгон эркектерге караганда үч эсе жогору болот.Алкоголду көп колдонуу. Спирт ичимдиктерин көп ичкен адамдын кан тамырлары кеңеет. Бул башка органдар менен катар эле жумуртка безине да терс таасир этет. Простатиттин белгилери:Чаттын айланасындагы үзгүлтүксүз оору. Жыныстык катнашка болгон каалоонун төмөндөшү; Заара кылуу учурундагы кызытып, ачыштырып оору; Зааранын тамчылап чыгып, ал толугу менен чыкпай калгандай сезим; Жыныстык мүчөдөн аккан тунук же бозомук суюктук; Жыныстык катнаштын узактыгындагы өзгөрүү (уруктуктун тез түшүп калышы же тескерисинче, көпкө чейин түшпөй коюшу) Оргазмдын азайышы.
Дарылабаса эмне болот? Простатит эч качан өзүнөн-өзү айыкпайт. Оорунун алгачкы белгилери байкалган соң дароо дарыгерге кайрылбай жүрө берсе, оорулуунун абалы начарлагандан начарлай берет: дене табы 39-40 градуска чыгат, заара кылгандагы оорусу аябай күчөйт, заарасы тамчылап чыгып калат. Зааранын кармалышы бөйрөк оорусуна жеткириши мүмкүн. Анан болжол менен эки айдан соң ал өнөкөт простатитке өтүп кетет. Простатиттин эң кооптуу жагы - ушул. Өнөкөт простатитте адам эч нерсе сезбейт, ошондуктан ал айыгып калды деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул жаңылыштык. Өнөкөт простатитти дарыгерлер “уктап жаткан вулканга” салыштырышат. Анткени ал бир күнү болбосо, бир күнү сөзсүз организмден атылып чыгып курч кармайт. Өнөкөт простатитти дарылап айыктырууга болот, бирок ал көп убакытты талап кылат. Ал эми өнөкөт түрүнө өтпөй туруп урологго кайрылып, дарылануу көп болсо 10 күндү талап кылат. Өнөкөт простатит эмнеге алып барат? Эркектик кубаттын бузулушуна, а түгүл, импотенцияга чейин жеткирет , сексуалдык каалоонун жоголушуна (өнөкөт простатит эркектин жыныс гормондорунун иштелип чыгышын төмөндөтөт), зааранын чыкпай калышына. Бул оорулуунун өмүрү үчүн коркунучтууТукумсуздукка (өнөкөт простатит сперманын сапатын кескин начарлатат), жумурткалыктагы сөөктүн же таштын пайда болушуна, сексуалдык ийгиликсиздиктин айынан пайда болгон психикалык бузулууларга алып барат. Бугунку кундо алдын ала денсоолукка кам корсок болот, ал учун азыр заманбап тамака кошуп ичуучу кошулмалар (дарылар),мн дарыланып сакайсак болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5