Предыдущая публикация
Ишенчээкпиз, ишеничти сактадык.
Алдансак да “Азамат” деп мактадык.
Ушунчалык маңыроо эл экенбиз,
Жыргайбыз деп күтүп жүрдүк, шашпадык.
Беш миллиард карыз алып жатсак да,
Көзгө басар бир өндүрүш ачпадык.
Талап–тоноп, байлык жыйнап алдыңар,
Тажап бүттүк, биз чындыкка чанкадык.
Жыйырма беш жыл саясатта жүргөндөр,
Кеткилечи.., биз силерден чарчадык!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев