Апрельдин жетисинде, канча өмүр кыйылды
Ажо келип, адилетслиз, жол толо кан куюлду.
Азап күнгө калтырдыңар, энелердин жүрөгүн
Арак берип балдарына, көтөрүп чоң жыйынды.
Ата калды канын жутуп, баласынан айрылып,
Апа калды кошок кошуп, ичи сыздап кайгырып.
Бала жүрөт Атакелеп, издеп элдин ичинен.
Жары калды, чачын жулуп, жубайынан айрылып.
Ошол күндү кайталоону көздөп турат бийлигиң,
Ойлонгула Кыргыз элим, душман бизге кимдигин.
Оюм менен акыл жетпей, дендароодо жүрөмүн.
Түшүнгөнүм, каапыр кескен бул Ажонун киндигин.
Эл толкуса, толкусун деп күтүп жүрөт сыягы
Элим бирик, бөлүнбөстөн белгилүү го быягы
Эгемендүү болгон күндөн жалчыбадык Ажого,
Эгер мынтсе, Кыргызымдын, түгөнгүдөй туягы.
Байлык мансап жыйып алды, кетсин келген жагыңа,
Боло электе, дуушар болуп, мергенчинин жаасына
Бөлөк журтка батпашыны, билип калган окшойбу
Бечара бир болдубу же, тагдырына таарына.
Шаку. Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев