*
☝Уулум! Кайсыл бир ишкананы көз алдыңа келтир. Ар бир ишкана башчы менен жумушчулардан куралган. Башчы иштеп жаткан адамдарды башкарууга жооптуу. Күндө уруш-жаңжал болуп, кылып жаткан ишинин натыйжасы билинбеген жетекчини жакшы жетекчи деп айтууга болбойт. Үй-бүлө кожоюну да ошол сыяктуу. Үй-бүлө да өзүнчө бир уюм. Жөн эле уюм болбостон, эң кадырлуу, эң маанилүү, эң касиеттүү бир уюм. Анын башчысы - эркек, башкача айтканда, ата. Бул уюмду уруш-жаңжалсыз, тынчтык менен башкаруу ал башчыдан чоң билгичтик менен зирек-акылмандыкты талап кылат. Сен андай жөндөмгө (даанышмандык илимиңдеги) издөнүү, (билбеген нерселериңди акылмандардан) сурамжылоо, (илимий) изилдөө аркылуу жетесиң.
*"Өз үй-бүлөмдү кантип,кандайча жол менен кайгы-муңсуз, бейпилдикте жетектей аламын?"*
💎 деп башкатыра ой жүгүртүп, акыл толгоого тийишсиң.
Айгай-чуу, уруш-жаңжал - башкаруучунун алсыздыгынын белгиси. Ошондуктан тез-тез жазалап туруу ыкмасына таянба. Ошондой эле, аялыңдыда жазалай турган деңгээлге (абалга) чейин түшүрбө. Албетте, аялдар ката кетиришсе, аларды ырайымдуулук менен жазалоого Аллах уруксат берген. Ошондой учурларда аялыңа жакшы сөздөр менен насыят айт, ага да болбосо өз төшөгүңө кошпостон бир же бир нече күн төшөгүн бөлүп коюу менен, түндөсү башка бөлмөдө же бир эле бөлмөдө, бирок башка төшөктө жатуу жазасын колдон. Эгер бул жаза да таасир этпей, көшөрүүсүн, төрсаяктыгын уланта берсе, ошондо гана жеңил шапатып(алакан менен) урууга болот. Бирок унутпагын: бул уруу - ырайымдуулук менен жакшылык каалоодон улам жана тарбиялап туура жолго салуу ниети менен гана жасалууга тийиш.Албетте, уруунун да чек арасы бар. Тарбиялоодон башка максатта уруу - бул чоң, зулумдук. Аллах зулумдарды жек көрөт.Негизинен, уулум, бул чараны мүмкүн болсо колдонбогон жакшы. Анткени АллахТаала аялды жазалоонун бул ыкмасын ажырашуунун алдындагы эң акыркы (айлакеткендеги) чара сыпатында баяндаган. Бул тууралуу сөз болгон аятта, ошондой жаза колдонулбастан туруп ажырашпоо керектиги ишарат кылынып, үй-бүлөнү ыдыратпай сактап калуу мүмкүн болсо, ошондой жол менен болсо да сактап кал деген маани туюнтулгансыйт:
*"Аллах бирөөлөрдү экинчилеринен артык кылгандыгы жана (ошолор) өз мал-мүлкүнөн аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер -аялдардын кожойуну. (Ал эми) Аллахка моюн сунган (аял) бул -күйөөсүнө (да) баш ийген жана күйөөсү (үйдө) жок кезде Аллахтын коргоосунда өз абийрин сактаган аялдар. Силерге баш ийбей коюудан корккон аялдарыңарга адегенде насыят айткыла! (Ага болбосо, анда) алардын төшөгүн бөлүпкойгула! (Анда да оңолбосо, алакан менен сыйпай) ургула! Эгер алар силерге моюнсунуп, оңолушса, анда аларга каршы (аларды кордоонун) жолдорун издебегиле! Чындыгында, Аллах - өтө Бийик, Абдан Улук!". ("Ниса" : 34).*
Ошондой эле мындай хадис да бар:Амр бин ал-Ахвас ал-Жушами коштошуу ажылыгы учурунда Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын оболу Аллахка мактоолорду айтып, Ага шүкүрлөрдү келтирип, анан мындай дегенин укканын кабарлайт:
*"...Ар дайым аялдарыңарга жакшы мамиле жасагыла,анткени, чындыгында, алар - силердин туткунуңар, эгер алар ачык эле уят-сыйытсыздык кылбаган болсо, аларга (азар берүүгө) силердин эч кандай акыңар жок. А эгер алар ошол сыяктуу бир нерсе кылган болсо, анда алардын төшөктөрүн бөлүп койгула жана таш боордук кылбастан урумуш болгула. А эгер алар силерге баш ийишсе, анда аларга каршы эч кандай айла-амал колдонбогула! Чындыгында, силердин өз аялдарыңарда акыңар бар болгондой эле, аялдарыңардын да силерде акылары бар. Алардан силерге жакпаган адамдардын силердин керебетиңерге олтуруусун жол бербешин жана силер көрүүнү каалабаган адамдарды силердин үйүңөргө кирүүгө жол койбошун талап кылууга силердин акыңар бар. Ал эми аялдарыңарга белек, алар силерден жакшы кийинтип, жакшы тамактандырууну талап кылууга акылуу". (Бул хадисти "ишенимдүү, жакшы хадис"* деп атаган имам Тирмизи келтирет).
📚МУСУЛМАН ЭРКЕКТИН АЯЛЫ АЛДЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕРИ.
🕌
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев