". Кара-Кулжанын Кеңеш айылындагы дүкөндөрдөгү алкоголдук ичимдиктер жок кылынды
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктер жок кылынды. Бул тууралуу аталган айылдын кулуну Курстанбек Жеңишбек уулу SUPER.KG порталына кабарлады. Айтымында, бул эң жакшы саамалык жана азыркы тапта айылдагы дүкөндөрдө бир да ичимдик калган эмес. "Жергиликтүү жарандар дүкөндөрдө сатыкта турган ичимдиктерди акча топтоп сатып алышып, аны кайра жок кылышты. Айылдын активист жаштары, агалар жана инилер биргеликте акча топтошту. Ал топтолгон каражат дүкөндөрдөгү ичимдиктерди сатып алууга жумшалды. Буюрса биздин айылда ичкен адамдар болбойт, бул саамалык айылыбыздын муундары алдыңкы, билимдүү, дени сак болушуна жасалган аракет жана өбөлгө. Буга чейин да жергебизге ири мечит курулуп, жакшы саамалыктар болуп келген", - деди Жеңишбек уулу. Ошондой эле активист жарандар дүкөндөрдүн сатуучуларына ачууну сатпай, жалаң таттуу сатып, соодалары жакшы болуусуна тилектештигин билдиришкен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2