УСТАЗ АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ !!! Бир кыз уюлдук телефонго керектелүүчү кымбат баалуу чехол сатып алат. Атасы кызынын колундагы нерселерди көрүп:
Кызым! Телефон сатып алгандан кийинки эң биринчи планың, эң алгачкы кадамың эмне болду? - деп сурайт. Кызы: “Телефонум чыйылбасын деп экранына клёнка чаптаттым, артына болсо чехол кийгиздим” - дейт. Атасы: “Ушундай кылууга сени бирөө мажбурладыбы?” - деп сурайт. Кызы: “Албетте жок! Бирок ушундай кылганым телефонумдун копко чейин кызмат кылуусу үчүн” - дейт. Атасы кызына: “Сен мындай кылууң менен телефон жасап чыгарган фирмага арызыңды билдирип жатасыңбы?” - деп суроо берет. Кызы:
“Жоок атаке! Тескерисинче, биздин телефондорубузду сактап туруусу үчүн, фирма бизге чехол кийгизип койууну сунуштайт” - деп жооп берет. Атасы: “Чехол кийгизип койгонуңдан кийин телефонуң пайдасыз болуп калдыбы?” - дейт. Кызы: “Жок атаке! Колумдан түшүп кетип чыйылып, сынып же бузулуп калып баасы арзандап кетишин каалабайм” - дейт. Атасы: “Экранына клёнка чаптап, артына чехол кийгизип койгонуңдан кийин телефонуң жаман корунуп калдыбы?” - деп сурайт. Кызы: “Менин оюмча андай болгон жок! Мен үчүн телефондун сырткы көрүнүшүнө караганда, сыртталып тургандыгы маанилүүрөөк” - дейт. Атасы кызына карап: “Хижабтын мааниси ушул кызым! Уяттуу аврет жерлерин кийим менен жаап жүрүү аялдарды бөтөн көздөрдөн, ар-кандай ушак сөздөрдөн сактайт... Аял өзүн кор кылуудан сактануусу керек жана өзүнүн сый-урматын, кадыр-баркын, жогорку мартабасын сактоосу абзел” - деп насаатын айтат.
Бул акылдуу аталардан гана чыкчу акыл, даанышман аталар гана берчү насаат...
Аллахым аялдарыбызга, кыздарыбызга уяттуулук, ар-намыс, аруулук жана тазалык берсин жана ар кандай жаман нерселерден сактасын!!! Амин. Nasaat.kg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев