Аллах субханаху ва Таала мусулмандарга араларында сүйүү-махабат байланыштары бекем болсун деп, бир нече жамаат намаздарын мыйзамдаштырып берди. Алар төмөндөгүлөр:
1. Айыл жамааты. Бул ар күн сайын окула турган беш маал намазды жамаат менен (чогуу) окуу
2. Шаар (же квартал) жамааты. Бул бир шаар же квартал жашоочуларынын ар Жума күнүндө же болбосо Рамазан жана Курман айт күндөрүндө чогулуп намаз окушу.
3. Материктер аралык (дүйнөлүк) жамаат. Бул ар жыл сайын ажы мезгилинде бүт дүйнө мусулмандарынын Мекке шаарындагы жыйналышы.
Жума күндүн пазилети
Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун!) риваят кылынган бир хадисте пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы болсун!) мындай деген: "Ар качан күн чыгып жана батып турган күндөрдүн арасындагы эң жакшысы Жума күнү бойдон кала берет. Себеби, бул күндө Адам (алейхиссалам) жаратылды, ушул күндө ал Бейишке киргизилди жана ушул күндө андан чыгарылды. Кыямат дагы дал ушул күндө болот" . (Сахих Муслим: 854)
Жума намазынын Шарияттагы орду
1) Эки ирекеттик Жума намазын окуу ар бир эрезеге жеткен, акылдуу жана тургун (сапардагы эмес) эркек адамга важып (Курани Каримде буюрулган милдет). Бирок, аялдарга оорулуу адамдарга, эрезеге жете элек эркек балдарга жана сапардагы (мусапыр) адамдарга важып эмес. Бирок, ушул айтылгандардан кайсынысы Жума намазын окуса, андан ошол күндүн Бешим намазы сакыт болот (мойнунан милдети алынат). Сапардагы (мусапыр) киши дагы эгер жетээр жерине жетсе жана Жума намазынын азанын укса намазга келиши ылаазым.
2) Жума намазы ошол күндүн Бешим намазынын ордун басат. Аны окугандар Бешим намазын окубайт. Жума намазын каза кылбай (өткөрүп жибербей) окуш важып. Ким эгер жалкоолук менен үч Жума намазын удаама-удаа окубай койсо, Аллах Таала анын жүрөгүн (насаат укпай турган кылып) мөөрлөп койот.
Жума намазынын убактысы
Жума намазын окуу үчүн эң абзел убакыт күн тикеден бир аз оогондон баштап, Бешим намазынын акыркы убактысына чейинки аралык.
Жуманын азаны
Жума намазынын биринчи азаны алыстагы адамдарды чакыруу, бейкапар адамдарга эскертүү үчүн болсо, кийинкиси Жума намазын окуу убактысы келип калганын билдирет.
Жума намазынын окулушунун шарты
Жума намазынын окулушу үчүн үч шарт болушу кажет: 1) убактысынын кириши, 2) шаар же айыл элинен кеминде үч адам чогулушу, 3) Жуманы баштоодон мурун эки хутба окулушу.
Жума намазы үчүн
гусул кылуу (жуунуу) жана такбир айтуунун пазилети.
1) Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун!) риваят кылынган бир хадисте пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы болсун!) мындай деген: "Ким Жума күнүндө жүнүп ( адамдын жубайы менен жыныстык байланыш кылгандагы) абалынан жуунганы сыяктуу жуунса жана ошол саатта (Жума намазын окуганы) жөнөсө, бир төө курмандык кылган сыяктуу (сооп табат), ким гусул кылгандан эки сааттан кийин жөнөсө, бир бодо мал курмандык кылган сыяктуу, ким үчүнчү саатта жөнөсө, мүйүздүү кочкор курмандык кылган сыяктуу, ким төртүнчү саатта жөнөсө, бир тоок, ал эми, ким бешинчи саатта жөнөсө бир жумуртка курмандык кылган сыяктуу соопко ээ болот".
2) Авс ибн Авс ас-Сакафи (Аллах андан ыраазы болсун!) мындай деди: "Мен расулуллахтын (Ага Аллахтын саламы болсун!) мындай дегенин уктум: "Ким Жума күнүндө гусул кылса же гусул кылдырса, андан кийин шашып жана шаштырып Жумага жөө кетсе, андан кийин имамга жакын келип, бейчеки сүйлөбөй аны (н маселе-хутбасын) укса, ал адамдын ар бир кадамына бир жылдык (нафил) орозонун жана түнкү (нафил) намаздардын сообу жазылат"
Жума күнкү гусулдун убактысы
Жума күнкү гусулдун убактысы таң азанынан баштап, Жума намазы башталганга чейин уланат. Гусулду мүмкүн болушунча Жума намазына жакын убакта кылуу мустахаб.
Жумага кайсы убакта баруу керек?
1) Жумага баруу үчүн мустахаб болгон убакыт күн чыккандан башталат. Ал эми, имам мечитке киргенде айтылган азандын добушу угулган учур Жумага баруу важып болгон убакыт болуп саналат.
2) Мусулман адам Жумага баруу маселесинде (жогоруда эскертилген) беш сааттын сообун жакшы билип, ошого жараша арекет кылганы жакшы.
Жума күндө сапарга чыкса болобу?
Жума окуусу важып болгон адам Жума күнү Жуманын азанын уккандан кийин, эгер шериктеринен, унаадан же учактан кеч калуу коркунучу болбосо, (тээ Жуманы окуп бүтмөйүнчө) сапарга чыгуусу жайыз (мүмкүн) эмес. Буга далил Аллах Тааланын мына бул сөзү: "Эй, ыймандуу адамдар! Качан Жума күнкү намазга (азан) чакырылганда Аллахты эскерүүгө (намазга) шашылгыла жана сооданы токтоткула! Эгер билсеңер ушунуңар өзүңөр үчүн жакшы" (Жума-9)
Кеч калган адамдын маселеси
Жума намазынан кеч калган адам эгер экинчи ирекетке толук жетип келсе, бир ирекетин өзү улантат. Эгер экинчи ирекетке жетише албай калса, анда Бешим намазына ниет кылып, ошол күндүн төрт ирекеттүү Бешим намазын окуйт.
Имам кайсыл убакта келүүгө тийиш?
Намаз окуучулар Жума менен Истиска (суу суроо) намазына эрте келиши сүннөт. Имам бул эки намаздын хутбасына жетип келүүсү кажет. Ал эми, эки айт намазына болсо намаз башталышына жетип келсе жетиштүү. (Анткени, айт намазынын хутбасы намаздан кийин окулат)
Хутба кылуунун эрежеси
Араб тилин билген имам Жуманын эки хутбасын араб тилинде кылуусу сүннөт. Эгер араб эмес элдерге хутбаны алардын тилине которуп берилсе эң сонун болот. Эгер имам араб тилин билбесе өзүнүн тилинде хутба кыла берет. Бирок, намазды башка тилде окуганга болбойт.
Мусапырга Жума намазын окуу милдетпи?
Эгер бир мусулман адам Жума окула турган шаарга сапар кылып, ал жерге конуп бир аз эс алууну кааласа жана ал жерден Жума азанын укса, намазга баруусу керек. Мындай шартта ал ошол шаар элине имам болуп бериши жана аларга хутба (маселе) айтып бериши да мүмкүн.
Хутба окуучу адамдын сыпаты
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун!) айтты: расулуллах (Ага Аллахтын саламы болсун!) хутба кылганда эки көзү кызарып, добушу көтөрүлүп (кээде) катуу ачууланып, тим эле бир душман басып келишинен кабар берип: "силерди кырып жиберет!" деген сыяктуу абалда болоор эле" (Муслим)
Хутба окуучу минбарга чыкканда...
1) Хатиб (имам) минбарга чыкканда намазкандарга жүзүн буруп, аларга салам берип отурат. Кийин ордунан туруп, биринчи хутбаны (маселени) айтат. Кийин дагы бир аз отурат дагы туруп, экинчи хутбаны айтат. Эгер кандайдыр зарылчылык болсо, имам хутбаны токтотуп, кийин улантышы мүмкүн.
2) Хутбаны жаттан жана кыскача айтуу сүннөт. Буга кудурети жетпегендер кагазга жазып алып окуп берсе да болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев