2. Күйөөсүнө баш ийсе, ыраазы кылса , 5 маал намазын окуса Бейиштин 8 эшигинен каалаганынан киргенге уруксат берилет.
3. Айттырбай массаж кылса күйөөсүн 1 кг алтынды садака бергендин сообу берилет. Айттырып кылса 1 кг күмүштү садака кылгандын сообу берилет. 4. Күйөөсүн ыраазы кылып дүйнөдөн өтсө Бейиш ваажип болот. 5. Кош бойлуу аялдын 2 ракаат намазы, жөнөкөй аялдын 80 ракаат намазынан жакшыраак. Төрөсө ар бир ооруган кан тамыры үчүн Аллах Таала бир ажылыктын сообун берет. 6. Күйөөсү чарчап келгенин көрүп ,жакшылап тосуп алса, жарым жихаддын сообу берилет. 7. Түнкүсүн баланын ыйлаганы себебинен уктай албаса 20 кулду бошоткондун сообу берилет. 8. Күйөөсүн мээрим көзү менен караса, Алла Таала ал аялга рахмат мээрими менен назар салат. 9. Оорулуу баласынын себебинен уктай албаса , баардык күнөөлөрү кечирилет, жана 12 жыл ибадат кылгандын сообу берилет. 10. Бала төрөсө ошол аялдын амал китебине Алла Таала 70 жылдык намаздын сообун жаздырат. 11. Баласына өзү сүт ичирсе 1 жылдык намаз жана орозонун сообу берилет. 12. Пайгамбарыбыз салаллоохи ьалейхи васаллам айткан: " Бул дүйнөдө кимде 4 нерсе болсо, бул дуйно жана акыреттин жакшылыгын тапты:1.зикир кылуучу тил. 2. Шүгүр кылуучу жүрөк. 3. Кыйынчылыкты көтөрүүчү дене. 4. Күйөөсүн сыйлаган жана анын малын сактоочу аял". 13. Эгерде аял үйдөгү ар бир ишти бисмилланы айтып баштаса,үйдөгү баардык нерселер ал үчүн дуба жана истигфар кылышат. Ошондой эле ичип жеген нерселеринде береке болот. Эгерде аялда динге кызыгуу, сооп иштерге кызыгуу пайда болсо, келечектеги балдарына да таасир этет. Аял киши жакшы жүрсө балдары да түз журот. Анткени , тарбия берүүдө көп убакыт энеге тиешелүү. Пайгамбарыбыз Мухаммед салаллоху ьалейхи васалламдин хадиси менен аяктаймын: ﺍﺗﻘﻮﺍ ﺍﻟﻠﻪ ﺭﺑﻜﻢ ﻭﺻﻠﻮﺍ ﺧﻤﺴﻜﻢ ﻭﺻﻮﻣﻮﺍ ﺷﻬﺮﻛﻢ ﻭﺃﺩﻭﺍ ﺯﻛﺎﻩ ﺃﻣﻮﺍﻟﻜﻢ ﻭﺃﻃﻴﻌﻮﺍ ﺫﺍﺃﻣﺮ ﻛﻢ ﺗﺪﺟﻨﻪ ﺭﺑﻜﻢ . Жараткан кудайдан корккула, беш убак намазыңарды окугула. (Тирмизи)
ЖУКТОГОН: ИБРАХИМ.kg 🍃
ДИН ТААНУУ БИРИМДИГИ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев