
ВАЗЕЛИН - баасы арзан болгону менен сизди кыйын кырдаалдардан чыгара турган универсалдуу каражат. Аны туура пайдалануу бир гана жакшы натыйжага жеткирет.

Чач боёодо: Үйдөн чач боёсоңуз кулак, моюн, чеке сыяктуу боёкко урунттуу жерлерге жана колуңузга вазелин сүйкөп алсаңыз, жууп-тазалоо жеңил болот.

Макияжды оңдоодо: Кашыңызга өтө узун сызык сызып же туура эмес боёп алганда кебездүү таякчага вазелин сүйкөп туруп, кылдаттык менен ашыкчасын сүртүп салуу керек. Көздүн алдына түшүп калган тушту да ушул жол менен тазаласа болот.

Эрин кесилүүдө: Эриндериңизге текши кылып вазелин коюп жүрсөңүз, аба ырайынын кандай экенине карабай эриниңиз кесилбей жүрөт.

Кирпикти узартууда: Кечкисин кирпигиңизге тегиз кылып вазелин сүйкөп турсаңыз, жыйынтыгына бат эле күбө болосуз. Туштун бошогон идишине салып алсаңыз, дайыма колдонууга ыңгайлуу болот.

Скрабдын да кызматын аткарат: Териңиз абдан назик, кургак жана сезимтал болуп кадимки скрабды пайдалануу дүүлүгүүнү чакырса, сиздин териңиз үчүн вазелин натыйжалуу каражат болуп саналат. Вазелинди камыш кантына аралаштырып колдонуңуз.

Атырдын жытын көпкө сактоодо: Атыр себиле турган кулагыңыздын артына, мойнуңузга бир аз вазелин сүйкөп, анан атыр себинсеңиз, жыты көпкө чейин сакталат.

Сасык тумоодон куткарат: Мурдуңуздан суу куюлуп токтобой, мурдуңуздун айланасы кызарып, ачышып, дүүлүгүп чыкканда вазелинден ошол жерлерге текши сүйкөп салыңыз.

Кулак бүтөлүүдө: Көптөн бери сөйкө тагынбай жүрүп кулагыңыздын тешиги кичирейип кеткен болсо, вазелин менен майлап коюңуз. Андан кийин сөйкө оңой жана оорутуусуз тагылат.

Күйгөн териге: Күйүктөн кийин териде тырык калып көпкө чейин айыкпай кыйнайт эмеспи. Андайда жабыркаган аймакка вазелинден сүйкөп койсоңуз, айыгуу убактысы алда канча тездейт.

Терини кургоодон сактайт: Голливуд косметологдору жана жылдыздары вазелин терини мыкты нымдандыруучу каражат деп эсептешип маска катары колдонушат. Ал терини кургоодон сактап, нымдаштырып, жылмакай кылып коёт.

Таман, кол кесилгенде: Уйку алдында бут менен колдун манжаларына чейин коюу кылып вазелинден сүйкөп, кебезден тигилген кол кап жана байпак кийип жатып алыңыз. Түн ичинде вазелин кесилген терини калыбына келтирип, жарылган жерлерди айыктырып, терини бекем кылып коёт.

Молочканын ордуна: Вазелинди макияжды өчүрүү үчүн кадимки молочканын ордуна колдонууга болот. Кебезди аз өлчөмдөгү вазелинге малып алып беттеги макияжды тазалоого болот.

Сакал алууда: Эркектер сакалын алгандан кийин вазелинди бальзамдын ордуна колдонсо болот. Ал терини жумшартып, дүүлүккөнүн басат.
Нет комментариев