Бул баштыкчаларды мындан ары эч качан ыргытпаңыз. Анын эмнеге жөндөмдүү экенин билгенден кийин, алтындан жогору баалап каласыз.
Сиз ар бир жаңы бут кийим сатып алган сайын, анын ичинен баштыкчаларды сөзсүз табасыз. Мисалы, биз аны дайым ыргытып жиберебиз. Бирок, төмөндөгүдөй маалыматтан кийин, сиз чын эле буга чейин кылып жүргөн адатыңыздан баш тартасыз. Кремнийдин диоксиди менен толтурулган бул баштыкчалар укмуштуудай кургатуучу каражат
болуп саналат. Алар дээрлик баарын өзүнө сиңирип алат. Ишенбесеңиз өзүңүз байкап көрүңүз.
Баштыкчаларды колдонууга бир нече мисал:
1

Сүлгү үчүн текче. Ашыкча нымдуулуктан качуу үчүн аларды сүлгү менен текчеге жайгаштырып коюңуз.
2

Авто унаанын терезеси
Эгер бул баштыкчаларды автомобилдин
салонуна салсаңыз, анда терезенин
буулануусун биротоло унутасыз.
3

Өз телефонуңузду сактаңыз
Эгер сиз кокусунан телефонуңузду сууга түшүрүп алсаңыз, анда аны ушундай баштыкчалары бар коробкага салып, сактап калсаңыз болот.
4

Эски сүрөттөрдү сактоо
Убакыттын өтүшү менен эски сүрөттөр өзүнүнтүсүн жоготуп баштайт. Коробкага сүрөттөр менен кошуп 2-3 баштыкчаны салып коюп, бул көйгөйдөн арылууга болот.
5

Устара жана макияждын өмүрүн узартыңыз Косметика же устара салынган коробкага баштыкчалардан салып коюп, сиз алардын
жарамдуулук мөөнөтүн узартат аласыз. Алар нымдын дээрлик баарын өзүнө сиңирип алат.
Нет комментариев