Дарыгерлердин айтымында, учурда панкреатит, ашказан ооруларынан жапа чеккен бейтаптар өтө көп.
- Панкреатит - уйку безинин сезгенүүсү.
Уйку безине суук тийгендегиси.
Панкреатит эки түргө бөлүнөт: курч мүнөздө кармаганы жана өнөкөт панкреатит.
Курч мүнөздөгү панкреатит - оор түрү. Ага көбүнчө спирт ичимдиктерин көп ичкен адамдар чалдыгат. Аракты көп ичип, анан майлуу тамакты, айрыкча малдын майын жеген адамдарды бул дарт эртеби-кечпи тооруйт. Анткени, уйку безинин көлөмү чоңоюп, иштөөсү бузулат.
- Оор түрдөгү панкреатит өз баскычтарына жараша да ар кандай түргө бөлүнүп кетет. Мында уйку бези шишийт. Ашказан туштан тартып белге чейин оорутат. Дене табы көтөрүлүп, адам кара терге түшүп кусат. Ичи дыңкыйып көбөт. Өпкө, жүрөк жана башка органдарга да терс таасирин берет. Дарт нерв талчаларына жеткенде өнөкөт түрүнө өтөт. Медицина тилинде бул "омертвения" же "некроз" делет. Кыргызча айтканда, уйку безинин ткандары өлүп, жөн эле картка айланат. Керектүү ферментти бөлүп чыгарбай калат. Убагында жардам албаса, өнөкөт панкреатит акыры уйку безинде залалдуу шишикти (ракты) пайда кылат.
- Дагы бир себеби - ар түрдүү инфекция. Алар дагы уйку безинин сезгенишине алып келет. Ичтеги же башка органдардагы инфекция уйку безине жетсе, панкреатитке алып келиши мүмкүн. Өтүндө ташы бар адамдар да панкреатитке чалдыгышы мүмкүн. Себеби, приступ болгон сайын ал уйку безинин суюктук иштеп чыгаруусуна терс таасирин тийгизет. Бул акырындап панкреонекрозду пайда кылат. Башаламан, кургак азыктар менен тамактануу же көпкө чейин ачка жүрүп, анан өтө тоюп алуу да коркунучтуу. Мисалы, азыр көчөдө фаст-фуд деген пайда болду. Балдардын көбү эртең менен сабакка ачка кетет дагы, түштө гамбургер, хот-дог - ушуга окшош башка нерселерди жеп, артынан кола ичишет. Бул азыктар ден соолукка зыян экени айтылып эле жүрөт. Андыктан ата-энелер балдарынын тамактануусуна да көз салса жакшы болмок.
- Тилекке каршы, бул өз алдынча дарылаганга баш ийбеген оору. Панкреонекрозго өз учурунда операция жасап тазалаганда гана адам өмүрүн сактап калууга болот.
Табигый алоэ вера Уйку безге жардамы миндин бири.
Сурап билүү телефондору +7985 9378332
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев