АКЫРКЫ ОК
Бүгүнкү кечки тамакка жалгыз уулу Кайраттын дагы келбегенине Нуржан ичинен сызып, ал отура турган орундукту карагысы келбей мас болуп отурган күйөөсүн үнсүз тиктеп турду...
- Эй, катын!! Эмне жалдырайсың? Апкел жүз граммдан! ,- деп көзү кутурган иттикиндей канталаган Санжар бакырганда Нуржан колундагы кашыгын түшүрүп жиберип кайсалап калды да:
- Болдучу эми жаным! Уулубуз чоң жигит болду. Сенин жолуңду жолдоп милиционер болом деп талыкпай окуп жүрөт. Сенин айыңдан ал дагы үйдөн тамак ичкис болду. Токтотчу арагыңды, суранам!,- деди жалооруп.
Күйөөсүнөн мээрим болбоду. Ордунан тура калып оозго алгыс сөздөрүн агытып, даяр турган муштум көзүнө кадалып жерге учуп түштү...
Кечки машыгуудан кийин балдары менен кармалып калган Кайраттын жүрөгү зирпилдеп апасын ойлоду. Үйдө бир балакет болгон го деп санааркап, арактан башы чыкпаган атасын эстеп тиштерин кычыратты... Балдардын клубга барабыз деген азгырыгына макул болуп келгенине жини кайнап, ордунан туруп үйгө жөнөдү.
- Каралдым, менин! Келдиңби? Курсагың ачтыбы? Жүрү тамактаналы, - деди босогодон тосуп алган апасы. Уулунун эр жетип 2-курстун курсанты болгонуна, жакшы окуп сержант наамын алганына жетине албай Нуржан бардык азабын унутуп салып уулун элжиреп карап отурду...Кайрат тамак ичип атып апасынын көздөрү көгала болгонун жашырып, денеси ооруп турса да болгон окуяны жашырып атканын көрүп жүрөгү тилинди. Жан дүйнөсүнө ак-кара ойлор келип айнек сыныгындай чачырады... Акыркы жылдары атасы аракка катуу берилип күн сайын апасына кол көтөрүп жүргөнүнө ызырынды... Кайраттын көздөрүнө жаш айланып:
- Апаке!! Кечириңиз апаке! Мындан ары кечикпей келем. Атам... Атам качан токтотот? Качанга чейин сизди урат? Апаке болду чыдай албайм...,- деп ыйламсырады. .. Эне-бала көпкө кучакташып ыйлап турушту... Энеси уулунун жытына тойбой кичине кезиндегидей эркелетип, уулу энесинин мээримине бөлөнүп кичине баладай эркелеп турду...
Эртеси шашке ченде көчөнү жаңыртып ырдап келе жаткан күйөөсүнүн добушун угуп Нуржандын таттуу кыялдары бир заматта чачырап, уулунун кубанычына сүйүнүп отурган бактысына суу себилгендей болду.
- Эй, катын! Тамак ичебизби? Ачкадан өлмөк болдум!,- деди аракка тоюп келген Санжар көзү канталап.
- Бүгүн Кайрат жарыштан жеңип чыгып медаль алыптыр. Азыр эле чалды,- деди Нуржан кубанып.
- Урганым барбы ошол темирди! Кана мен канча темир тагынып мүйүз чыктыбы? Уулуң экөөңдү.... Бол былжырабай тамак алып кел,- деди Санжар сөгүнүп. Өзүнүн жалгыз байлыгы, таянычы болгон Кайратка уу сөзүн агытканына чыдабай кеткен Нуржан:
- Уулума асылба акмак!! Аракеч!! ! Канымды ичип бүтмөй болдуң!! ! Шордуу башыыым!! ! Шордуу балааам,- деп Санжарга атырылды. Аялынан мындайды күтпөгөн Санжар дендароо боло түштү да, кайра ичиндеги арам суусу оргуштап:
- Бас жагыңды!! ! Сен ким элең мастан!,- деп орундук менен чабайын дегенде, качам деп мүдүрүлгөн Нуржан мештин кырына башы менен катуу урулуп жыгылып түштү да үн-сөз жок жатып калды. Чекесинен кан оргуштап атып кирди...
- Нуржааааааан! !! Нуржаааан! !! Тууур!!! Тур дейм,- деп эси чыккан Санжар соолуга туштү да аялын кучактап өкүрүп-бакырып, жин ургандай силкилдетип кирди...
Төшүнө жаркыраган медалын тагынып, сыйлыкка деп кошумча,берилген 1000 сомго апасына күмүш шакек алып үйгө жетсем экен деп шашып келе жаткан Кайрат бурулуштан чыга бергенде үйүнөн узап бараткан "Тез жардам" машинесин жана кошуналарын көрүп жүрөгү шуу дей түштү да чуркап жөнөдү.
- Апам кана?,- деди босогодо дендароо болуп отурган атасын карап каны кайнап.
- Кечир уулум!!! Апаң бизди тыштап кетти,- деди шолоктоп. Караса кошуна аялдар тегерек четти иреттеп баштаган экен. Кайраттын көздөрүнө жаш айланып:
- Жоголгула! !! Жоголгула баарыңар! ! ,- деп элдин баарын кой дегенге болбой кубалап чыкты да эшикти бекитип үйдү көздөй чуркады. Үйдө атасы катып койгон мылтык бар эле... Качан болбосун октоп коюп "Ушул акыркы эки ок экөөңө арналган" деп апасы-экөөнү атып салам деп үйдөн кууп чыккан күндөрү жүрөгүндө кыттай уюп калган эле. Ошол коргошун ойлор ээрип мылтыкты колуна алды да атасынын маңдайына келди:
- Эмне үчүн? Эмне үчүн? Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрдүң апамды? Айт дейм канкор!! ,- деди Кайрат тиштерин кычыратып ыйламсырап.
- Кечир уулум, кечир...,- деди атасы жер карап.
Айланага мылтыктын үнү жаңырганда көчөдө толгон кошуналар дүргүп дарбазаны ачканга аракет кыла башташты. Аңгыча экинчи ирет мылтыктын үнү жаңырды... Элдер дарбазанын илгичин талкалап киришсе чекесинен кан сызылган атасы жерде, төшүн кармап сулаган уулу бир жакта жаткан экен...
Жаңы эле кеткен "Тез жардам" машинеси кайра ызылдап келе жатты. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эне-бала катар жатышты... Аппараттын экранындагы сызыктар үнсүз жаткан эненин да, оор операциядан жаңы чыккан уулунун да жашоодон үмүтү бар дегендей бир калыпта иштеп турду... Экөөнү аянычтуу көзү менен караган профессор жигиттин көкүрөгүнөн алынган акыркы окту кармалап башын чайкап көзүнөн жаш сызылды...
Интернет булактарынан алынды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1