Көрөм кээде кыз-жигитти өбүшкөн,
Кантип алар коркпой жүрөт өлүштөн?
Жалмап өпсүн, чыкпас болсун кенедей,
Жалгыз, жалгыз күтүп алат көрүстөн.
Кара мүртөз төлчү сөзгө көнбөстөй,
Күндөн нурдуу Куран турса көрбөстөй.
Кабыр күтүп ачык турса эшиги,
Кармап ташты төлгө салат өлбөстөй.
Келме келбей канча намаз казалуу,
Кемтик кийим анан жүрөк тазабы?
Кес-кес сымал жүргөн жандар тайраңдап,
Көрбөс бекен кабыр сурак жазаны.
Күлө карап басып жүргөн жайдары,
Кабыр алса жалгыз жатат бай дагы.
Кези келсе барат сага кембагал,
Кесим нансыз балык туткан сайдагы.
Кечээ жүргөн кетпес сымал жанымдан,
Кесип кылып арам ишти жаңылган.
Аалам токтоп болгон кезде Кыямат,
Алар чыгат ошол бойдон кабырдан.
Корком мени уруп согуп сөгүшсө,
Кандай болот эртең алар өлүшсө.
Мейли мени уруп сөксүн жемелеп,
Бирок кантет кабыр ичин көрүшсө.
Кара түнсүң корком жалгыз көрүштөн,
Корком сени жарык кылбай өлүштөн.
Жаным чыгып Кудай Таалам алганда,
Жалгыз менда, жатам сенде көрүстөн.
Камчыбек Узакбай уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев