*
🕌 _АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ_
✍🏻Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Адам баласына өмүр жанан өлүм берүүчү Аллахка мактоо болсун. Адам баласына берилген кыска өмүрдү туура пайдалануунун жолун үйрөткөн Пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
📖 Куранда Аллах Таала: *"Качан (кулак) тундуруучу айкырык келгенде... Ал күнү адамдар өзүнүн ага-инисинен качып калат. (Ал эмес) атасы менен энесинен дагы. Аялы менен балдарынан дагы. (Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (оор) абал болот"* - деп айтат. (Абаса, 33-37-аяттар).
Бул дүнүйөдө сага эң жакын болгон, сен оорусаң абалыңды сураган, сен кайгырсаң бирге кайгырган, сен кубансаң бирге кубанган бир тууган ага-иниңден ал күнү качып каласың. Ал эмес сени төрөп, ак сүтүн эмизип, багып чоңойткон энеңе да карабай каласың. Сени кичинеңден тарбиялап, үйлөп-жайлап, эл катарына кошокон атаңды да көргүң келбей качасың. Бул эмне деген күн? Эмне үчүн өз жакындарыңдан качасың? Себеби бул күн ар бирибиз өз башыбызды ойлой турган оор күн болот. Адамдар бул күнү өзүмчүл болушат. Ар ким өзүн гана ойлойт. Бул күн Кыяматтын алгачкы күнү.
🌟 Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): *"Кыяматта адамдар чылаңаяк, жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда тирилишет"* - деген созун угуп: *"Оо, Аллахтын элчиси, аял эркек аралаш болобу, алар бири-бирин карашпайбы?"* - деп сурайт. Пайгамбарыбыз: *"Ал күн бирөөгө бирөө карай турган күн эмес, анда ар кимдин өз көйгөйү озунө жетиштүү болот"* - деп жооп берди.
Ал күндө ар бир адамдын башында бир гана *"бейишке киремби же тозокко киремби"* деген гана ой болот. Дүнүйө жашоосунда адам баласынын башында миңдеген ойлор жүрөт. Канткенде үй салам, кандай кылып машина алам, баламды кимге үйлөндүрөм, кызымды кимге турмушка берем ж.б. миңдеген ойлор менен жашайбыз. Ал эми Кыяматтын алгачкы күнү бул дүнүйөдө сенин оюңдан кетпеген нерсенин баарынан качып, *"бейишпи же тозокпу"* деген бир гана ой менен каласың.
Адам баласы төрөлгөндө кезек менен төрөлөт. Бирок, өлгөндө кезексиз кетет.
Аллах Таала айтат: *"Эч бир жан эртең эмне иш жасары биле албайт. Эч ким кайсы жерде кантип олөрун да билбейт. Чынында, Бир Аллах гана Билүүчү, Кабардар".* (Лукман, 34-аят).
Биз эртең эмес, азыр, бир көз ирмемден кийин эмне кыларыбызды билбейбиз. Бирок, өлбөөчүдөй болуп жашоо кечиребиз. Канткенде кутулат. Сооп жана күнөө менен гана болот. Акча тааныш пара. Бейишке киремби тозокко киремби.
Бир жолу пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Умардын уулу Абдуллахты далысынан таптап: *"Абдулах, бул дүйнөдө чоочун, жолоочу сыяктуу жаша, жолоочу келген жерине бир аз эс алып кайра басып кеткен сыяктуу, дүнүйө жашоосунда бир аз жашап кайра кетесиң"* - деп насаат айтат. Ошол күндөн кийин Абдуллах: *"Кеч уктасам таңды күтпөймүн, таң атырсам кечти күтпөймүн"* - деп айтчу.
Кечинде төшөккө жатып жатканда, эртең менен кайра туруп кетем деп эч ким кепилдик бере албайт. Эртең менен кийген кийимиңди кечинде кайра өзүң чечериңди да билбейсиң.
Аллах бешенеңе жазган мөөнөт бүткөн күнү баарын таштап кете бересиң. Өлүм даамын татуу канчалык оор болгоу менен, андан баары бир өтөсүң. Бирок, өлүм менен эле бардык балээден кутулуп кете албайсың. Чыныгы оорчулук, көйгөй эми башталат. Туугандарың ыйламыш болуп, өкүрүп-бакырып эки метр чүпүрөккө оройт да алып барып көмүп салат. Андан аркысын өзүң көрөсүң. Мүрзө ичиндеги алгачкы түн. Түндүн караңгылы, мүрзөнүн караңгылы. Жасаган күнөөлөрүбүздүн карңгылыгы. Үч карңгылыктын ичинде Мункар, Накир периштелердин алдына турасың. Эмне менен кутуласың?
_Кимден жардам сурайсың?_
_Кимге телефон чаласың?_
_Жогорку кызматтагы таанышыңа ишенесиңби?_
_Чөнтөгүңдөгү долларга ишенесиңби?_
_Жан сакчыларынды чакырасыңбы?_
_Каардуу периштелерге жалынып, ыйлайсыңбы?_
Жок! Мунун баары сага жердин үстүндө гана жардам берет. Ал эми жер алдына, кабыр ичинде мыйзам башка. Мункар, Накир пара албайт. Алар чоң кызматтагылардан коркпойт. Сенин күчыүн кайда жумшаарын билбеген жан сакчыларың аларды жоошута албайт. Алардан сени куткара турган бир гана сенин сооптуу амалдарың. Адам баласынын үч унаасы болот: биринчи эненин жатыны. Анда тогуз айдан ашык жүрө албайсың. Тогуз айдан соң жер бетине, дүнүйө жашоосуна келет. Бул жашоодо элүү-алтымыш жыл ар кандай унааларда жүрөт. Анан табытка түшөт. бул анын акыркы унаасы. Андан ары биз билбеген жашоо башталат. Мүрзө, кайра тирилүү, эсеп-кысап, тараза, кыл көпүрө. Буларда биздин тагдырыбыз эки гана нерсе менен чечилет. Сооп жана күнөө. Кимдин сообу көп - ал бактылуу. Кимдин күнөөсү көп - ал бактысыз.
Биз бул дүнүйө жашоосунда жакшы жашоону билебиз, бирок эмне үчүн жашап жатканыбызды билбейбиз. Аллах берген өмүрдү жалаң гана жыюу, топтоо менен өткөрөбүз. Кызыгы, ошол топтогон нерсебизден эч нерсеи алып кете албайбыз. Бирок, топтогон неселерден бирөөсүн гана мүрзөгө ала кете алабыз. Ал - биз жасаган амал. Мүрзөгө амалыбыз гана кошо кирет. Башка эч ким жана эч нерсе биз менен бирге кире албайт. Бирөө кайтыш болсо, биз, адамдар: *"Артында эмнеси калды экен"* - деп сурайбыз. Периштелер болсо: *"Алдына эмне жөнөттү экен"*- деп сурашат экен.
Уландысы бар..
👨👩👧👦 _«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»_
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев