Предыдущая публикация
С.Жыпар Исабаеваныкы,
Обону Эрлан Андаштыкы,
Гулмира ырдайт
Үмүттүн үлпүлдөтүп биликтерин,
Мен сени – Тоо дедим, бийик дедим!
Түнөтүп алып тоону жүрөгүмө,
Өзүм да ошончолук бийиктедим!
Үмүтүм –ишенчиме эгиз менин,
Мен сени терең дедим, Деңиз дедим!
Деңизди ууртап алып жүрөк менен,
Дүйнөмдүн бөксөөлөрүн тегиздедим.
Мен сени – асманымда Күн дейт элем,
Батынып, тик багуудан сүрдөйт элем.
Ошентип, сени сүйгөн жүрөк менен,
Эч кимди ушунчалык сүйбөйт элем!
Кайырма:
Жактырган жаздын демин,
Жакыным, жакшым менин.
Атасы балдарымдын,
Бардүйнөм, бактым менин.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев