Сен жазыпсың: “Оюм сизге ак, таза,,
Кечириңиз, бирок суроом жакпаса.
Талант, сүйүү, мансап, байлык – баардыгы,
Башыңызга жүк болбойбу башкача?..”
А мен жанмын артыгы жок башкадан,
Маянасы – майда иштерден ашпаган.
Ар бир кечте соңуна окшоп жомоктун,
Аткан таңда кайра уланып, башталам...
Жаратканды, жакшы адамды сатпаган,
Сапатым бар, сасыткы ойдон сактанам.
Садагасы, көрөнгөм бай, а бирок
Сандыгым жок, дүнүйө ороп сактаган.
Кээде эргийм, кээде көзгө жаш алам,
Кээде улгаям, кээде талдай жашарам...
Бирок өмүр Жаратканга аманат,
Мүнөт сайын, бир кертимден азаям...
Учурум көп – өзүмө-өзүм жакпаган...
Кантип анан жалган айтып, мактанам?
Чынында өлгөн күндөрүм деп эсептейм,
Күндөрдү ошол – эки сап ыр жазбаган.
Ж.И.
25.10.2015
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1