Таңшып чыккан торгой бакта сайраган, Кыры толгон кырка тоону жайлаган. Кыргызымдан мурас калса аскалар, Менден калсын ырлар элдер жаттаган.
Маанилери жан дүйнөнү арбаган, Асыл сөздү майда дебей тандаган. Аталардан накыл кептер сакталса, Менден калсын уйкаш ырлар жатталган.
Сулуулукка, көркөмдүккө багынткан, Эл тукумун аздектеп бүт батырган. Энелерден жол уласа уул – кызы, Менден болсо ырлар калсын жазылган.
Суудай балкып булактарда агылган, Гүлдөй болуп көктөм таңы ачылган. Жаздай кыздар сүрөттөрдө сакталса, Мен калайын ырлар менен жазылган.
Сөзүм дебейм укмуштардын укмушу, Балким келбейт бирөөлөрдүн уккусу. Бирок булар дүнүйөмдүн бүтпөгөн,
Жан эргиткен асылдыктын уңгусу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев