Алкынта албай акындык аргымагым,
адашып аран-аран жазсам дагын.
Азыноолак замандын койгойунон,
алдынарга ыр курап сунуп калдым...
Арданбай арам акча жыйнап калдык,
алдуубуз алсыздарды кыйнап калдык.
Таланты таш жарганды сыйлабастан,
таш менен баш жарганды сыйлап калдык!
Жыланач телелерден ырдап калдык,
жыртык шым, койнок кийип жыргап калдык.
Коодондун байлыгы учун кейип койбой,
кор дуйно байлык учун ыйлап калдык.
Жыланач суротторун жайган чыкты,
жузу адам журоктору айбан чыкты.
Кудайдын улуктугун унутушуп,
кутуруп акыл-эстен тайган чыкты.
Алланы адам дешип башташкандар,
адамды кудай кылып макташкандар.
Акырет тозогунан коркушпаган,
абдан коп ыйман жактан аксашкандар.
Козго илбей кары жашты обушкондор,
койрондук колчугуно чогушкондор.
Атасы, апасы да кыргыз туруп,
аябай англисче согушкондор.
Кылымдан келе жаткан салтты улабай,
кобойду кепинге ороп комушкондор.
Кучагына жарынын жетпей кулап,
короодо кучук менен обушкондор.
Кунумдук конул учун суйушкондор,
куну уктап, а туну учкан когучкондор.
"тооба" -деп айтпай анан не деп айтам,
торкундо тороп алып журушсолор.
Конул коюп копторду байкайм дагы,
койгойлор коп кай бирин айтам дагы...
Конулумду митедей эзип жеген,
кокуроктун койгойу картайбады.
Азаптардын кыйнаган жан дуйномду,
азайганы таптакыр байкалбады
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев