Предыдущая публикация
Алсыраткан, алдуу-жандуу адамды.
Жеңип келген, жеңилбеген эч кимге,
Козгогондо, көөдөндөгү жарамды,
Чындап эле бул шайтан суу арамбы?
Ал арамды жараткан да адамбы?
Көп ойлондум, кантсем ичпей коём деп,
Башым ооруп, дартка дабаа табамбы?
Ичкендерге айтам насаат саламды,
Ичпегин деп тарбиялайм баламды.
Баарыңардан суранаарым чын дилден,
Ичпегиле ошол жаман арамды.
Көрдүм канча акчасы көп саранды,
Бирөөлөөрдүн акын жеген арамды,
Акырында запой болуп ар жерде,
Баарын сатып, жатып калган караанды
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев