*Рамазан айында күн чыккандан соң кан көргөн аялдын абалы*
Орозо кармоого ниет кылып,күн чыккандан соң айыз келген аялдын орозосу бузулат.Аял бул учурда тамактанат.Мындай аялга орозо кармоо арам болгондой эле,жеп-ичпестен орозо кармоочуга окшоп жүрүшү да арам (Тахтави:369)Бул учурда аялдардын жашыруун тамактанышы исламдын адептеринен.
*Рамазанда күн чыккандан соң таза болгон аялдын абалы*
Рамазан айында күн чыккандан соң айыз жана нифастан (төрөттөн кийинки убактылуу кандан)тазаланган аял эгерде орозого каршы иш кылбаган болсо,дароо ниет кылып,орозо тутат жана орозосу эсеп болот.Эгерде күн чыккандан соң таза болгонго чейин орозого каршы иштерди жасаган болсо,ал күндүн калган бөлүгүн жебестен-ичпестен ,кечке дейре жүрүшү бир айтымда важиб ,бир айтымда мустахаб.(Тахтави:369)
*АЙЫЗ каны токтобостон мурда алынган даарат*
Бир аял айыз же нифас каны толук токтобостон туруп даарат же гусул кылса,сахих (туура)болбогондой эле кылган таямуму да туура эмес (Тахтави:70)
*Айыз учурунда же айыздан сырткары учурда мата колдонуу*
Мата колдонуу турмуш курган аялдар үчүн ар дайым,кыздар үчүн айыз учурунда гана мустахаб.Мата жыныстык мүчөнүн ичине эмес, сыртына таза жерине коюлат.Башка бир пикирлер боюнча турмуш курган аялдардын кан көргөн учурунда мата колдонуулары сүннөт,таза учурда колдонуу мустахаб.Анткени алардан дайыма агынды келип турушу мүмкүн(Ибн Абидин:1/207)
*Колдонгон матаны отко жакса болобу?*
Эгерде ошол мата пайдаланууга жарабайт турган абалга келсе,аны көз түшпөй турган жайга ,топуракка көмүп же өрттөп салуу керек.Орттоонун зарылдыгы жок.Ал тургай үй-бүлө урматы жана махабатын сактоо үчүн бул маталарды үй-бүлөдөгү чон-кичинелердин көзүнчө көрсөтпө Ислам адептеринен болот.(аль-Фикху аьала мазаахибиль арбаь:2/57)
*Аялдарга тиешелүү эң зарыл шарият маселелери китебинен*
📖📖📖📖📖📖
▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰
БАШКАЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев