Предыдущая публикация
Кантип табам? Жүрөгүңө барчуу жолду.
Кызганычтан, жан дүйнөм муңга толду.
Ачып койчу бир бурчунан жүрөгүңдүн,
А мен кармап аярлайын оттуу колду!
Көздөрүңдү канча ирет тиктесем да,
Ойлорумду сен тарапка иргесем да.
Арбадың кайсы гана карек менен,
Кете албайм эми сенден кет десең да.
Оюмда жеттим да эбак жүрөгүңө,
Жайгашып жүрөгүндүн түгөнгүнө.
Кызгантпачы, башкалардан өзүңдү,
Жар болойун түбөлүккө бир өзүңө!
Армандуу болуп өтпөй бул жашоодон,
Жар болойун түбөлүк бир өзүңө!.
М.Исакова.27.09.2017-жыл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев