Сен, билсең элесиңди,
Аздектеп ак жоолуктай сактап жүрөм,
Абайлап аспиеттеп барктап жүрөм.
Кез кезде эстей калып кыялынды,
Айласыз түшүнбөстөн кектеп жүрөм.
Сенсиз да, жашап өлбөйм өмүр сүрөм,
Кайсы күн эмнеликтен өзгөрдү деп,
Качанкы өткөн күндү тактап жүрөм.
Сен менен, жакшы убак өткөнбү деп.
Мүнөзүң бат өзгөрдү эмнеликтен?
Ар убак мен деп күйүп жанаар элең,
Өзгөрдүң.... билбей жүрөм себептерин.
Мынчалык башка жанга айланууңа,
Ким болду... айтчы мага себепкерин.
Мыйзамбы ...тагдыр жолу түзүлбөдү,
Сенсиздик бул күндөргө алымсынбай.
Жашоонун аркан жиби улаганга,
Келсеңчи болуп мага мурункудай.
М.Исакова. Бишкек.тунку саат 2:42.
Урматтуу окуурмандарым!!!
Бул ырды 2007-жылы 17-майда жазган экенмин,эски дептеримдин барактары саргайса да менин жан дуйномдун умуттору саргайбаптыр бир аз конулумдуу жаралап алдым окшойт,окуурмандарга жарыяласамбы же жокпу деп кайра ондоо киргизип сиздер менен ой болушкум келди,мага акыл кошкон ,жан дуйномо азык берип колдогон колдоочуларым жан уянар бузулбасын, конулунор оорубасын,бактылуулукту чеги жок каалайм каалайм,урматым менен М,Исакова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев