Чоңойуп калган кызы келип, апасынан кеңеш сурайт:
- Апаке, мен күйөөмдү абдан жакшы көрөм. Бирок, жакында башка бирөөнү жолуктуруп, эми баардык оюм ошол адамда болуп жатат. Менин күйөөмө кыянат кылуу ойумда да жок., бирок башкага болгон күнөөлүү сезимимди жүрөгүмдөн чыгаралбай жатам. Эмне кылуум керек?
Бул сөздөргө апасы мындай деп жооп берет:
- Кызым, биздин сезимдер бул - биздин жан дүйнөбүздө өскөн гүлдөр. Сенин жан дүйнөңдө азыр эки гүл бар. Анын бирөөсү түссүз, бирок өзүң отургузган, күйөөңө болгон назик жана асыл сүйүүнү гүлү. Ал кубанычтуу уруктарды берет, эгер жакшылап суу куйуп, карасаң, өмүр бою гүлдөйт.
Ал эми экинчи гүл - ачык түстүү, бирок уулуу кумардын гүлү, сенин уруксатыңсыз жан дүйнөңдө өсүп, чырмоок чөп сыяктуу биринчи гүлдүн күчүн уурдап жаткан гүл. Канчалык ага суу куйуп, кам көрбөгүн, ал түбөлүксүз жана уруксуз. Кызым, экинчи гүлдү үзүп салууга күчүң жетпейт.. Бирок, сенде ар дайым тандоого мүмкүнчүлүгүң бар. Кайсыл гүлдү суугарып, кайсынын суугарбай койууну сен чечесиң. Эгер, биринчи гүлдү гана суугарсаң, экинчи гүл соолуп, сенин жан дүйнөңдү уулаганды токтотот. Эми жыйынтыгын өзүң чыгар кызым деп, айткан экен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев