Жанындагылар болсо тымтырс болуп, аны тыңшап отурушту. Анда-санда баштарын чайкап, шыпшынып да коюшат. Сүйлөп жаткан келиндин үнү бүт бөлмөгө жаңырып, дап-даана угулуп турду.
Чындыгында мен анын сүйлөгөн сөзүн унутуп деле коймокмун. Кандай болгон күндө ар кимдин өз жашоосу өзүнө да. Бирок, ошол маалда ага курбуларынан бирөө:"Мейли эми, болоору болду дечи. Бирок бала эмне болот?” деп алардын баласына сарсанаа боло сурады. Тилекке каршы, анын суроосуна да жаш келиндин жообу эчак даяр турган экен. “Ой камсанабачы! Мен ажырашсам күйөөм менен ажырашып жатам да. Балам менен ажырашкан жокмун. Ал менин жашоодогу жападан жалгыз, эң кымбат адамым болуп калат. Андан ажырабай калайн” деди ал.
Аны угуп дагы бир курбусу кошула кетти. “Кой антип сүйлөбөчү” өмүр бою жалгыз өтчүдүй болосуң да. Сен азыр жашсың. Он гүлүңүн бир гүлү ачыла элек. Кудай буйруса сага да бир күйөө табылат” деди курбусу. Анын сөзүн берки негизги каарман улантты. “Албетте, алтыным. Менин келечегим алдыда. Жаштыгын бирөөнүн азап-тозогун тартып жүрүп өтүп кетпесин деп ажырашып жатам. Ырас, ушунча ажырашкан соң эми жакшы күйөө табышым керек. Бирок, эмкисин сөзсүз чындап сүйгөн адамыма гана баш кошом”. Анын ушу сөзү ажырашуунун негизги себеби эмнеде экенин айтып турду. Демек бул келин дагы чоңдордун аралашуусу менен турмушка чыккан жана ортодогу сүйүүнүн жоктуганан улам ажырашууга аргасыз болгон.
Сиз сүйүшүп үйлөндүңүзбү, же сүйлөшпөй эле таанышуу жолу менен үйлөндүңүзбү, билбейм. Бирок алтымыш, жетимиш жыл бир жаздыкка баш коюп жашаган апаларыбыздын, чоң энелерибиздин, таенелерибиздин канчасы сүйүшүп-күйүшүп табышты экен? Сүйлөшкөндү кой, никеси кыйылаар кезиге чейин бири-бири менен таанышышты болду бекен?
Азыркы бой жетип калган жаштарга: “Бул турмушта эң негизги нерсе сүйүүбү, же мээримби?” деп сурасаңыз, менимче көпчүлүгү ойлонбой туруп: “Сүйүү” деп жооп беришсе керек.
Эгер жаштарыбыз сүйүү жолу менен эмес, мээрим жолу менен үйлөнүшсө, балким ажырашуу азыркыга карганда кыйла аз болмок деп ойлойм. Анткени, сүйүүдө жооп күтүү бар, сүйүүдө жек көрүү бар, сүйүүдө кек сактоо жана өч алуу бар...
Ал эми мээримдечи?... Мээрим деген чындыгында жакыны үчүн өз жашоосун садага чабуу, сыртынан от болуп жанып турса да, ичинен көл болуп балкып туруу эмеспи?
Азыркы эле сүйлөп турган келинге:” Мен күйөөм менен ажырашам, бирок баламды өлүп баратсам да таштабайм. Ал менин бүтүндөй жашоом” деген сөздү айттырган дагы так ошол кайтарым күтпөгөн мээрим да.
А биздин көз карашыбыз боюнча чыныгы сүйүү-бул убакыттын өтүшү менен мээримге айланган сүйүү. Атагананат биз өмүрлүк жарыбызга арнаган сүйүүбүздү мезгилдин айланышы менен мээримге айланта алсак кандай сонун болот эле. Балабыз үчүн жаныбызды садага чапканга канчалык даяр болсок, түгөйүбүздү да керек болгондо эч кыйналбай садага чабылгандан баш тартпасак...Анын ордуна жолдошубуздун мандайында чикчийип туруп алып:”Сен үчүн эмнелерди гана кылган жокмун? Бүтүндөй өмүрүмдү арнадым го сага. Күлүң менен чыгып, отуң менен кирдим го. Эми сенчи сен?! Сен мага эмне бердин?” дегенди жакшы билебиз.
Күйөөсүнүн иши жүрүшпөй калган күнү басып кеткен аялдар, аялым толуп кетти деп ажырашуу арызын жазган күйөөлөр...Дагы канчасы бар айтылбаган...Мына силерге окурманым... Мына ушул тууралуу дагы бир жолу ойлонуп, бул нерселердм көкүрөгүңүз менен таразалаган соң менин суроомо жооп издеп көрүңүзчү... Турмуш курууда сүйүү маанилүүбү, же мээримби? Автор Таке
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев