Пенденин күнү-түну жасаган күнөөлөрү өзунө жана жашоосуна кыйратуучу таасир берээрине эч кандай күмөн жок. Улук Аллах бизди эң жакшы келбетте жаратып, бизге акыл, сүйлөө мүмкүнчүлүктөрүн берди. Бир күнөө артынан сөзсүз түрдө башка күнөө жаратат жана өнөкөткө айланат; күнөөкөр Аллах жана башка пенделердин алддында маскара болот; ага жаныбарлардын да каргыштары болот жана ал маскарачылык кийимин кийет. Аллах анын жүрөгунө мөөр басат, ал эми анын дубаларына жооп берилбейт.
Улук Аллах айтат: “Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган” (Мутафиффин: 14).
Күнөө жасаган адам ибадаттын таттуулугун сезбей калат, тескерисинче күнөө жана бузуку иш кылуудан рахат таап баштайт. Ошентип күн өткөн сайын андай адам күнөө жана бузукулуктун айлампасына батып, адал-арамды ажырата албай калып, ал үчүн күнөө жасоо адаттагы ишке айланат. Мындай адам улуу кыйроого учураган болот, акыры ал кыйроо абдан оор азап менен жазаланууга алып келет, Аллахым баарыбызды мындайдан сактасын. Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: “Чынында ыймандуу адам өзүнүн күнөөлөрүнө өзү түбүндө отурганда аны басып калчу болгон тоодой карайт, ал эми бузуку адам өз күнөөлөрүнө мурдунун жанында учуп өткөн чымындай мамиле кылат”. 📔[صحيح البخاري 6308]
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев