☠«Уурулуктун түбү оңолбойт» (Эл сөзу).
Бул – адамдардын мал-мулкун колдон талашуу, бирөөлөрдүн эмгеги аркылуу күн көрүү. Тирүүчүлүктөгү эңжаман адат, ак малын, тапкан-ташыган уй оокатын уурдаса, ботодой боздогон адамдардын наалатын кетеруу, каргышына калуу. «Баландын сөөгүн жак», «Баландын кунун кербе», «Балаңдын боорун жеп кал», «Карыш узабагыр», «Этегиң эки болбосун», «Кан кусуп кал», «Менин кунумду көр» сыяктуу куйуп-бышкан кептер, наалаттар так ушул бирөөлөрдүн адал байлыгын колдон талашуучуларга, көзүн тазалоочуларга арналат.
Ууру – кески адам, уурулук анын адаты.кесиби. Албетте, мын-дайлар турмушта кеп кезиккен, кезигип да жатат, кезиге да бермек-чи. «Ал анын каргышына калган. Демек, уурулугу учун колго, торго тушкөн, ошондон соң ал оңолбоду, өзү тентип-тербип жүрүп, ач бел-де, куу жондо өлдү, сөөгү көмүлбөй калды. Ошону көрмөк, кудай бар экен. Өзү жарды болду» – деген чындыкты кеп угабыз».
Чын эле уурулуктун аягы узап кетпейт. Карандай каргыштын кесепетинен ырай-бешене, кейпи бузулуп, шордуу, байкуш, алсыз калган пенделерди козубуз менен көрдүк. «Кудайга тобо» – деп, жакаларыбызды кармандык.
Уурулук укум-тукумдарына да жаккан учурунда билдик. «Ал ата-бабасынан бери ууру» – деп айткандарды угабыз. Уурулук бала чак-тан башталат. Бара-бара улантыла журуп отурат.
Мектепте дептер, китеп, карандаш, сыя челек, калем уурдайт. Класста булар жатса, жолдошторуна айтпай шып ала, чөнтөгүнө сала койсо, ал уурулукка жатат. Тапкан буюмун «Мен муну таптым, бул кимдики» деп уч жолу айтпаса, арийне, ал буюм арам, озу ууру аталат. Илгеркилердин айтымында: «Бир айылга ууру кириптир. Уурдап баратып, айылды «ууру кетти» деп ойготуптур.
· Кайда кетти, – эл жапырт карбаластап, эшикке чыгат.
· Мына бул тарапка кетти – дейт ууру.
Айыл ошол тарапты көздөй дүрбөйт. Ууру ал кезде акырын оз сапарын башка жакка беймарал улайт. Бул уурунун айлакерлиги катары кийинкилерге айтылып калат.
«Ууру», «Кески» дегендер эгиз баяндалат. Алар ата-бабалар-дан бери ууру-кескилер, этеги эки болбогондор, тукумкуруттар.
Эл-
журт ушундай баа берет. Минтип наалатка татыктуулар – элдин кар-гышы жеткен жери экени белгилүүдүр.
Ууру – калың эл-журт учун кесепет. Уктатпаган, жанды тынчыт-паган адамдар гана эли-жерине батпайт, азат, тозот.
✨Пайгамбарыз (Ага Аллахтын ырайымы саламы болсун) доорунда адилеттүүлүгү менен ууруларга , сабак болуу үчүн колун кескен,бул көрүнүш азыркы кезде деле кытай элинде колдонуп келе жатат. Бул туура чечим, анткени уурунун кылган колу жазаланды,а эл арасында анын уурулугу билинип, экинчи кылбоосуна сабак болот.
Уурулук кичине нерседен башталат , же үй -бүлөөдө да тарбияга көз каранды. Ата -эне бирөөнүн буюумун сурап,алуу,ээси жок болсо тийбөө дген сөздөрдү балдарга көп айтуу керек. Бир окуяга токтоп өтсөк.
📌Бир аял жалгыз уулу менен жашачу экен,баласы жолдон тапкан нерсесин апасына алып келип берчү. Ошенти кошунасынын тоок канасынан бир жумуртканы жакшы көруп алып келет, апасы сурабастан и жакшы кылдың деп бышырып берет. Бала ошентип биринчи уурулугун эмне экенин деле түшүнбөй кийин -кийин башка нерселерди уурдап келе баштайт. Бирок апасы эч нерсе дебейт,ошо менен чоң ууруга айланып кетет. Ошондо хан баякы баланы тутуп жазаламакчы болот,бала хандан бир жолу апам менен жолуксам деп суранат. Хан макулдугун берет, бала апасынын жанына келип:
-Апаке тилиңди чыгарчы дейт. Эмне боллу деп апасы тилин чыгарганда баласы тиштеп чайнап жиберет. Хан эмне үчүн андай кылганын сураганда бала:
Эгер ошо жаш кезимде биринчи жолу жумуртканы уурдап келгенимде апам мени урушуп тыйганда мындай жаман ууру адамга айланбайт болчумун деген экен.
☝🏻 Урунун тамагы оңой болгону менен, анын жугуму жок,коркунуч менен табылат. Ал бирөөнүкү сага тиешеси жок,бир сткан сууң бир сындырым наның болсо да эч качан уурулук кылба.
📌 Уурулук чоң күнөөлөрдүн
бири. Эркектерден да, аялдардан да бул күнөөгө чалынгандар өтө көп. Уурулуктун тузагынан кутула алган адам өтө аз. Ошондуктан, уурулуктун эмне экенин билип, андан сактануу керек. Аялы-күйөөсү бири-биринин буюмдарын уруксатсыз алуусу, колдонуусу уурулукка болот, ушундайча чоң күнөө жасалууда. Бул абал көп адамдарда бар. Аллаху таала сактаган өтө аз гана адамдар бул нерседен кутулган. Кээ бир адамдар мунун уурулукка жата турганын, күнөө экенин да билбейт. Жада калса, халал деп ойлошот. Ушундай ойлоп, ишенип ыймандарын коопко түшүрүүдө. Мындай ишенген аял-күйөөлөр бири-биринин буюмдарын уруксатсыз алууну адатка айландырышкандыктан башкалардын буюмдарын уруксатсыз колдонуунун жаман экенин ойлоп да койбойт. Ушунун кесепетинен көпчүлүк адамдар башка бирөөнүн мүлкүнө тартынбай кыянат жана уурулук кылышууда. Ниса сүрөсүнүн 29-аятында: «Эй ыйман келтиргендер, бири-бириңердин менчигиңерди араңарда туура эмес жолдор менен жебегиле. Тактап айтканда, Ислам харам кылган пайыз, кумар, уурулук жана күч менен тартып алуу сыяктуу туура эмес жол менен жебегиле. Жалгыз гана бири-бириңерге ыраазы боло турган түрдө соода жолу менен болсун», - деп айтылган.
Жалган айтуу, ушак айтуу, гыйбат (ушак) кылуу, жалаа жабуу, уурулук, куулук, кыянат кылуу, адамдарды таарынтуу, фитна (бүлүк) чыгаруу, башканын буюмдарын уруксатсыз колдонуу, жумушчунун, жүк ташуучунун эмгек акыларын бербөө күнөө болот. Буларды мусулман болбогон адамга карата да, мусулман болбогон мамлекетте да кылуу күнөө болот. Ибадаттардын кабыл болуусу үчүн уурулук, куулук жана кыянат сыяктуу күнөөлөрдөн.
👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
🔎 Одноклассники: http://ok.ru/formulasy 🔎 Facebook: http://facebook.com/formulasy 🔎 Вконтакте : http://vk.com/formulasy 🔎 Instagram : http://instagram.com/formulasy 🔎 Блог : http://formulasy.blogspot.com/ 🔎 Twitter : http://twitter.com/formulasy 🔎 Google+ : http://plus.google.com/+formulakg YouTube: http://www.youtube.com/formulakg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7