Айткандай демократиялык коомдо жашап жатып, социалдык экономикалык тармактардын алга кайрай жылуусу, ар бир өлкөнүн жарандарынын коомго жана турмушка активдүү катышуусу менен чыңалат.
Идеологиялык жана интелектуалдык өнүгүү жакшы өссө ал өлкөнүн ( Абройу) кадыр-баркы көтөрүлүп сый-урматка ээ боло башталат эмеспи. Кыргызстанда өзгөчө мамлекеттин бюджетин көтөрүп, салык аркылуу экономикабыздын туруктуу өсүшүнө ишкер мырза жана айымдардын колдоосу менен багыт ала баштады бул жакшы жышаан. Ички жана сырткы миграция өлкөдө күч алганы менен сырттан тажрыйба топтоп келип, өлкөгө дагы тажрыйбасын бере баштады.
Кыргызстандан товарлар дагы сапатуулугуна ээ болуп, КМШ жана чет өлкөлөрдө экспортубуз куч алуунун жолун тандады. Санай берсек ишканалардын саны көп сапаты жок дегендей, өзгөчө ээ боло баштаган иш кана " Толман Строй" ишканасын айта алабыз. Бул ишкананын жетекчиси Акимов Нурлан Кубанычбекович жөнүндө кыскача баяндай кетсек Нурлан Кубанычбекович дайыма кайсыл жерде жүрбөсүн кыргыз элинин улуттук баш кийими калпакты башынан түшүрбөй кийгени башка жарандарыбызга үлгү болчудай кыргыз элинин жүзү десек жаңылышпайбыз. Нурлан мырзанын жүрөгүн өйүп, кейиткен бир көйгөйлүү маселеси, ата -бабадан калган салттын улантуу менен кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына кайсыл нерсе гана кирбесин ал жөрөлгөлөрдү кийинки муундарга калтырып, биздин келечек муундарыбыз үчүн эң балуу, эң кымбат байлыктарды тартуулап мурас катары калтыруу иштерин жүзөгө ашырууга жан үрөп аракет кылып келет. Кыргыз элинен башка элдерде кездешпеген улак-тартыш, эр-эңиш кыргыз күрөш ат-чабыш, кыз-куумай, бел күрөш дегиле сана-сак санала берген оюндарыбыз көп эмеспи. Ушул аталган оюндарыбызды келечектеги урпактарыбызга тарыхый мааниде таза калтырып улантуу Нурлан мырза үчүн негизги милдеттин бири. Нурлан мырза үчүн гана милдет болбостон бардык кыргыз үчүн моюндагы милдети болуш керек. Нурлан мырзадай, маданий жарык жигиттерибездин идеяларына ортоктошуп көмөктөшкөнүбүз ар бирибиз үчүн сыймык.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев