Сезимдин сересинен сергуу алып,
Бош журок тупкуронон сени табып.
Ааламды козго илбеген арсыз журок,
Ал кезде калган эле сага жагып.
Арбалган журок азыр куйот отто,
Кызарып туталанып ызаа чокто.
Алдадын ак сезимге арбап алып,
Таштадын жан дуйномду учкан окко.
Аттинай жоготконум аз келгенсип,
Армандан журогумо жаз келгенсип.
Айрылдым кара жаным кайрылбадын,
Алаамат жан дуйномо наз бергенсип.
Суйгонмун суттонда ак сезим менен,
Ой калчап, акыл менен эсим менен.
Тушундум баары бутту деген менен,
Унутуу алгачкысын кыйын экен.
Ал кезде журогумдо жаз жолдору,
Суруда тун суйуунун наз болгону.
Аттинай коз ирмемге бак тартуулап,
Окунтту журоктогу муз тонгону.
Таштадын таштандыдай пайдаланып,
Жол бербейм калса бул кун кайталанып.
Жеттинда коздоп жургон максатына,
Талкалап тагдырымды олуп талып.
. К.Карыбеков ( эч кимдин тагдырына байланыштуу эмес)
Balance.kg и получите в подарок 1 Гб интернета! Balance.kg - удобный и безопасный мобильный кошелек для онлайн-платежей без комиссий.
...Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3