Акча тууралуу кызыктуу 5 факт
Кайсы өлкөнүн купюрасында бактерия көп
Бир нече жыл мурун Оксфорд университетинин окумуштуулары европалык банкноттордо микробдорду аныктоо максатында изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн негизинде бир европалык купюрада орточо эсеп менен жыйырма алты миңге жакын бактерия бар экендиги аныкталган. Даттык крон бактериялардын саны боюнча рекордсмен болуп саналат. Даниянын улуттук валютасында кырк миңге чукул бактерия жашайт. Швейцариялык франк отуз эки миң бактерияга жер берсе, орусиялык рубль отуз миң бактерияга орун берген. Бактерия эң аз кездешкен купюраларга: евро (он бир миң), норвегиялык крон (он бир миң жети жүз), британдык фунт стерлинг (он сегиз миң) кирет. Бул купюраларда бактериянын аз кездешүүсүнүн себеби, евро микробдорго туруштук берген атайын курамдагы зат менен тазаланышы саналат.
Дүйнөдөгү эң көп микробу бар банкнот – кытайдын жүз юаны эсептелинет. Бул купюрада болжолдуу 180 000ге жакын бактерия байырлайт.
Микробиологдор бул купюраларда ичеги таякчаларын, стафилококк, туберкулезду козгоочулар, жугуштуу оорулар ж.б. бар экендигин аныкташкан. Окумуштуулар бул бактериялар көбүнесе ооруга алып келберин айтып, болгону колду көбүрөөк жууп турууну сунушташат. Бирок жакында эле швейцариялык окумуштуулар акчага жабышкан сасык тумоонун вирустары бөлмө температурасында он төрт күнгө чейин өзүнүн касиетин сактап турарын аныкташкан.
2. Акча эмне жыттанат
Америкалык окумуштуулардын изилдөөсү колдонулган долларда 90% кокаиндин изи бар экендигин аныктаган. Баңги заттар купюрага баңгизат сатуучулар аркылуу же болбосо, банкнотту ороп кокаинди колдонуунун натыйжасында жабышканын болжолдошот. Орточо эсеп менен бир америкалык банкнотто 0,006 микрограмм баңгизат бар. Баңгизат эң көп 50 жана 100 долларлык купюраларда кездешет. Банктарда ири суммадагы акчаларды эсептеген кызматкер, абасы алмашып турган бөлмөдө санабаса, медициналык текшерүүдө канында баңгизат бар деп аныкталышы толук мүмкүн. Изилдөөлөргө таянсак, доллар дүйнөдөгү эң көп баңгизат кездешкен купюра. Канадалык доллардын 80%ында баңгизат кездешет. Баңгизат эң аз кездешкен банкнот: жапондук йен. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 12% гана учурда баңгизаттын изи белгиленген.
3. Бир миллион канча килограмм болот
1 миллион доллар 100-доллардык банкнот менен болжолдуу он килограмм болот. 500дүк банкнот менен 1 миллион евро – эки килограммга чейин жетет. Америкалыктар миллион канчалык оор болсо, өлкөдө коррупция ошончолук аз деп эсептейт. АКШда 100 доллар бүгүнкү күнгө чейин эң чоң номиналдагы банкнот болуп саналат.
4. Акчалар кантип жок болот
Жыл сайын Орусиянын улуттук банкы үч миңден беш миң тоннага чейин купюраларды колдонуудан чыгарат. СССРде колдонуудан чыгарылган купюраларды өрттөшчү. Кийинчерээк бул методдон баш тартышкан, себеби акчаны өрттөөдө аны жасоодо колдонулган бардык химиялык заттар бөлүнүп чыккан. Бүгүнкү күндө купюраларды атайын бир жабдуунун жардамы менен майда бөлүкчөлөргө бөлүп, брикеттерге пресстеп, атайын свалкаларга же кайра иштетүү үчүн курулуш материалдарын чыгаруучу заводдорго беришет. Башка өлкөлөрдө банкнотторду кайра иштетүүнүн ар кандай жолдору колдонулат. Жер семирткичтер, көчөдөгү урналар, даарат кагаздары жада калса бейит эстеликтери да жасалат.
5. Кыргыз сому
Кыргыз сомун элүү миң жолу бүктөсө болот. Айрылган, күйгөн банкнотторду Кыргызстандагы бардык коммерциялык банктардан алмаштырып алсаңыз болот. Жылына улуттук банк кырк тоннадай эскирген банкнотторду колдонуудан чыгарып, жаңы банкнотторду басып чыгарат. Сом Мальтада жана Францияда басылып чыгат. Беш миң сомдук банкнот эл аралык конкурста жылдын эң мыкты банкноту наамына ээ болгон.
Bugupress
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев