Кыргызстандын Кытайга болгон карызы күн сайын 470 миң долларга өсүүдө.
Кантип төлөш керек?
Кыргызстандын КытайдынЭкспорт-импорт банкына болгон карызы күн сайын 469,5 миң долларга өсүүдө.Мындай жыйынтыкка финансы министрлигинин сырткы карыздар боюнча 2017-жылдын 31-майындагы маалыматын анализдеп келсе болот.Болгону бир жылдын ичинде, 2016-жылдын 31-майынан ушул жылдын 31-майына чейин Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 171 млн. долларга өсүп, жалпы республикалык сырткы карыздын 40,5%ын түзгөн.
Акыркы жылда Кыргызстандын карызы Кытайдын Экспорт-импорт банкынан кийин эле эң көп суммага Ислам өнүктүрүү банкында, Азия өнүктүрүү банкында жана Айыл-чарбачылыкты өнүктүрүү эл аралык фондунда өскөн.КРнын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан туруктуу мамлекеттик карызы бар мамлекет катары классификацияланат.
Эске салсак,кредиторлоргоболгон ички жана сырткы мамлекеттик жалпы карыз 4,243 млрд. долларды түзөт.zanoza
ЭЛ ОЗУН ОЗУ БАГЫП ЖАТАТ БУЛ АКЧА ТУУРАЛУУ ОТЧЕТ ДА БЕРИЛБЕЙ КАРЫЗЫН ЭЛЕ АЙТЫШАТ КЫТАЙЛАРДЫН МАКСАТЫ КАРЫЗГА ЧЕГЕРИП КЫРГЫЗДЫН ЖЕРИН АЛУУ ЭЛИ ЖЕРИНЕ КУЙГОН АЖОГО ЗАР БОЛДУК ГО
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 1