— Алло, бул табылган буюмдар бюросубу? — деди жаш баланын үнү.
— Ооба, шириним. Сен бир нерсе жоготтуңбу?
— Ооба, апамды жоготтум. Ал силерде эмеспи?
— Сенин апаң кандай болчу?
— Ал сулуу, анан ак көңүл эле. Анан дагы мышыктарды жакшы көрөт.
— Ооба, кечээ күнү биз бир аялды таап алдык, балким ошол сенин апаңдыр. Сен каерден чалып жатасың?
—№1-балдар үйүнөн.
— Жакшы, анда биз сенин апаңды балдар үйүнө жөнөтөбүз. Күтүп тургун,макулбу?!
Бир топ убакыттан соң көптөн күткөн “коногу” анын бөлмөсүнө кирип келди, абдан сулуу жана ак көңүл, колунда кадимки эле тирүү мышык бар экен.
— Апа-а-а-а! — деп, кичинекей бала ага жабышып калды. Бала аны ушунчалык катуу кучактагандыктан, бармактары да бозоруп кетти. — Апакем менин!!!Апакееееееем!
… Азамат өзүнүн кыйкырыгынан улам чочуп ойгонду. Мындай түштөрдү ал дээрлик ар түнү көрөт эле. Колун жаздыктын алдына салып, бир кыздын сүрөтүн сууруп чыкты. Бул сүрөттү ал бир жыл мурда көчөдө ойноп жүрүп таап алган. Ал сүрөттү жаздыктын алдына катып коюп, ошол өзүнүн апасы экенине бекем ишенип алган. Караңгыда Азамат анын сулуу жүзүнө көпкө тигилип, анан уктап кеткенин өзү да байкабай калчу …
Эртең менен балдар үйүнүн башчысы Майрам эже адаттагыдай эле тарбиялануучулардын бөлмөлөрүн кыдырып жүрдү, ал бардыгына кутман таң каалап, ар бир бөбөктүн башынан сылайт. Азаматтын керебетинин жанына келгенде, жерде жаткан сүрөткө көзү түштү, сүрөт түндө баланын колунан түшүп калган экен. Сүрөттү жерден алып , Майрам эже баладан сурады:
— Азамат, бул сүрөттү кайдан алдың?
— Көчөдөн таап алгам.
— А бул ким өзү?
— Менин апам, — деп жылмайды да, - ал абдан сулуу, ак көңүл, мышыктарды жакшы көрөт, - деп кошумчалап койду.
Башчы бул кызды жазбай тааныды. Биринчи жолу ал балдар үйүнө өткөн жылы ыктыярчылар тобу менен келген. Сыягы, ошондо сүрөттү түшүрүп койсо керек. Ошондон бери бул кыз бала багып алууга уруксат алуу үмүтү менен түрдүү мекемелерге ат тезегин кургатпай барып жүргөн. Бирок, жергиликтүү аткаминерлердин пикири боюнча, анын бир кемчилиги бар: бойдок.
— Ошондойбу, — деди балдар үйүнүн башчысы, — ырас эле ал сенин апаң болсо, анда иштер толугу менен өзгөрөт.
Кабинетине кирип олтурду да, күтө баштады. Жарым сааттан кийин бирөө эшикти акырын тыкылдатты:
— Мүмкүнбү,Майрам эже? — Эшиктин алдында дал ошол сүрөттөгү кыз турган эле.
— Ооба, Амина, кириңиз.
Кыз кабинетке кирди да, башчынын алдына документтер салынган жоон папканы койду.
— Мына, — деди ал, — Мен бардыгын топтодум.
— Жакшы, Аминочка. Мен сага бир топ суроолорду беришим керек, түшүнөсүң да, шарт ушундай... Сен өзүңө кандай жоопкерчиликти алып жатканыңды аңдап-сезип жатасыңбы? Бала деген — бул эки саат ойногонго эмес, өмүр бою берилет.
— Мен баарын түшүнөм,- деп олуттуу жооп берди жаш кыз , — жөн гана мен бирөөгө керек экенимди билип туруп, тынч жашай албайм.
— Жакшы, — деп макул болду башчы, — сен балдарды качан көрөсүң?
— Мен көрбөйм аларды, кандай баланы берсеңер, ошону алам, — деди Амина, башчынын көзүнө тике карап.
Майрам эжей таң калуу менен каштарын бүйрүдү.
— Билесизби, — деп Амина көшөкөрлөнө түшүндүрө баштады, — чыныгы ата-энелер баланы тандап албайт да... алар баланын кандай төрөлөрүн күн мурунтан билбейт ... сулуубу же андай эмеспи... сообу же оорулуубу... Алар аны кандай төрөлсө, ошондой жакшы көрүшөт. Мен чыныгы эне болгум келет.
— Биринчи жолу жолуктуруп жатам ушундай багып алуучуну, — деп жылмайды эжей, — керек болсо мен билемин, сиз кимдин апасы болоруңузду. Анын аты Азамат, 5 жашта, өз энеси андан төрөт үйүндө эле баш тарткан. Азыр алып келем аны, эгер даяр болсоңуз.
— Ооба , мен даярмын, — деп ишенимдүү айтты Амина, -көрсөтүңүз мага менин уулумду.
Башчы чыгып кетип, беш мүнөттөн кийин кичинекей баланы жетелеп келди.
— Азамат, — деп баштады Майрам эже, — таанышып ал, бул …
— Апа-а-а-м! — деп кыйкырып жиберди Азамат. Ал Аминага ушунчалык катуу жабышкандыктан, бармактары бозоруп кетти. — Апакем менин!
Амина анын кичинекей далысынан сылап, шыбырады:
— Уулум, уулум менин … мен сени мененмин …
Амина башын көтөрүп, башчыдан сурады:
— Качан мен алып кетем уулумду?
— Демейде ата-энелер менен балдар бара-бара көнүшөт бири-бирине, адегенде ушул жерде карым-катышта болушат, анан дем алыш күндөрү үйлөрүнө алып кетишет, андан кийин, эгерде баары жайында болсо, биротоло.
— Мен Азаматты азыр эле алып кетем, — деп Амина ишенимдүү айтты.
— Макул, — деп колун шилтеди башчы,— эртең баары бир дем алыш, алып кете бериңиз, дүйшөмбү күнү келсеңиз, бардык документтерди талаптагыдай жасайбыз.
Азаматтын бактысына чек жок эле. Ал апасынын колунан кармап алып, көз ирмемге да аны коё бергиси жок. Булардын айланасында тарбиячылар чуркап калышты... бири анын буюмдарын жыйнап жүрөт, айрымдары жөн гана четте туруп, көз жашын бет аарчысына сүртөт...
— Азаматик, жакшы бар. Бизге конокко келип тур, — деп коштошту Майрам эже.
— Жакшы калыңыз, келем, — деп жооп берди мотурайган бала.
Алар баары менен коштошуп бүткөн соң көчөгө чыгышты, ошондо ал акыры апасына эң негизги суроосун берүүнү чечти:
— Апа… сиз мышыктарды жакшы көрөсүзбү?
— Абдан жакшы көрөм, менин үйүмдө экөө бар, — деп, Амина баланын кичинекей алаканын назик кысып күлдү.
Азамат бактылуу жылмайып, өз үйүнө кадам таштады.
/Копер этилди/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8
КУН САЙЫН КАТТАЙБЫЗ
УЙУНУЗДОРДОН АЛЫП КЕТИП КАЙРА МЕТРОГО ЧЕЙН ЖЕТКИРИП КОЙОБУЗ
ЭРТЕ МЕНЕН ЭРТЕ АЛДЫНКЫ ОЧЕРЕТЕРГЕ АЛЫП БАРАБЫЗ КЕЛИШИМ БААДА
: +7 966 335-86-82 + ват
: +7 977 122-38-25 + ват
: +7 999 670-49-69 + ват