Сын угуп чоңойгон бала -бирөөнү күнөөлөгөндү үйрөнөт.
Мыскыл жана какшык ичинде өскөн бала -бирөөгө ишенбегенди үйрөнөт.
Кастыкка дуушар болгон бала - күрөшүүнү үйрөнөт.
Зулумдук көргөн бала -бирөөгө зулум кылганды үйрөнөт.
Түшүнбөстүккө учураган бала- бирөөнү укпаганды үйрөнөт.
Жалган угуп өскөн бала- калп айтканды үйрөнөт.
Маскара болуп өскөн бала- өзүн күнөөлөгөндү үйрөнөт.
.....жалгыз гана күчтүү адамдар бул турмуш айлампасынан чыга алат...
Колдоо көргөн бала- коргогонду үйрөнөт.
Күтүү ичинде өскөн бала-сабырдуу болууну үйрөнөт.
Чынчылдык ичинде өскөн бала-адилеттүү болууну үйрөнөт.
Тынчтык ичинде өскөн бала- ишенимге үйрөнөт.
Кубаттоо ичинде өскөн бала-башкаларды урматтоону үйрөнөт.
Сүйүү ичинде өскөн бала- башкаларды сүйүүнү үйрөнөт.
Эркиндик ичинде чоңойгон бала-өз чечимдерине жоопкерчилик алууну үйрөнөт.
...мындай тарбия оңойлук менен өзгөрбөйт...
Которуп, даярдаган: Нуриет Абдулазиз
/Копер этилди/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1