XX кылымдын 50-жылдары Португалиядан мадера шарабын ташыган англиялык жүк ташуучу кеме Шотландиянын портунда токтойт.Кемедеги деңизчилердин бири кеменин муздаткыч бөлмөсүнө шараптын баардык бөтөлкөлөрү жээкке түшкөнүн текшериш үчүн кирет. Аны байкабаган башка деңизчи муздаткыч бөлмөнүн эшигин сыртынан бекитип коет. Шарап сактоочу кампада камалып калган адам чыкканга аракет кылат, бирок анын кыйкырып, эшикти колу менен ургулаганы сыртка угулбайт. Кеме кайрадан Португалияны көздөй сапар тартат.
Деңизчи бөлмөнүн ичинен өзүнө жетиштүү тамак аш таап, бирок бул суук бөлмөдө көпкө чыдай албайм деп ойлойт. Убакытты жөн эле коротпостон, өлүм алдында кандай сезимдер курчаганын баяндап кетейин деген байкуш, темир менен дубалга күн сайын чиймелеп жаза баштайт. Ал өзүнүн өлүм алдындагы азаптарын илимий тактык менен жазат. Алгач денеси муздаганын, андан соң мурдунун үшүк алганын, колдору менен буттарынын учтарындагы жансыздыкты, үшүктөн улам жан чыдагыс абалга кабылганын кеңири баяндайт.
Кеме Лиссабондун жээгине келип токтогондо , капитан муздаткыч бөлмөнүн ичинен байкуш деңизчинин жансыз денесине туш болот. Адамдар анын темир менен чийгелеген жазууларынын окуп, абдан таң калышат. Капитан бөлмөнүн ичиндеги температураны өлчөгөндө, термометр 19 градус жылуулукту көрсөтөт. Жүктүн баарын Шотландияда түшүргөн соң, бош кемеде муздаткыч системасы өчүрүлгөн экен. Деңизчи сууктан эмес, кыялында муздак бөлмөдөмүн деп чыйпылдап жүрүп жан бериптир. Ал болгону өзүнү ынандырып, арбап алган ойлорунун курманы болгон.
Илимпоздор дүрбөлөң(паника) адамдын иммунитетин 50% түшүрө алышын илимий далилдешкен. Мээ реалдуулуктан алыс кыялдарды кура баштайт. Коркуу сезими көпчүлүк учурда адамды ойго тутат, бирок паникага түшүү акыр аягы жакшылык менен бүтпөйт. Адам баласы бош болуп, максатсыз жашоо кечирип жаткандыгын байкай баштаганда бара-бара өз ойлорунун туткунуна айланат. Дайым эле карантиндемин деп кысылып, улам сайын кабарларды окуп, түрдүү сценарийлерди ойлонуу аркылуу башыңызды оорутпаңыз. Бул ооруну ким чыгарды, эмне үчүн чыгарды деген максатсыз ойлордун артынан көрүнгөн жөө жомокторду окуп, башка бирөөлөргө тарата берүү акыр аягында паранойага алып келет.Андан көрө китеп окуп, ибадат кылып,дене тарбиясына көңүл буруп, үй бүлөңүз менен баарлашууга көңүлүңүздү буруңуз. Мээни бош калтырбаңыз, бош калган жерге болбогон ойлор келип уялайт. Үмүстүздүк бир гана шайтанга жарашчу сыпат. Ой эң күчтүү материя экенин унутпаңыз. Бүгүнкү ой-эртеңки болмуш, бүгүнкү болмуш-кечеги ойлорубуздун жыйынтыгы.
Окуя Бернард Вербердин “Салыштырмалуу жана абсолюттук билимдин энциклопедиясынан” алынды.
Которуп, даярдаган Нуриет Абдулазиз
/Копер этилди/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3