Предыдущая публикация
Сагындырат мени жазгы талаалар,
Айыл жыты,айылдаштар аруулар.
Баарыңарды эстейм,бүгүн силерди,
Желдей учуп,өтүп кеткен ай-жылдар.
Кайдасыңар бир көчөнүн балдары,
Чаңдуу жолдун топурагын сапырган.
Дыбыраган жамгыр келсе жүгүрүп,
Тамчыларга бетин тосуп чуркаган.
Кайдасыңар сыр чечишкен сулуулар,
Кайсы эрдин жан шериги болдуңар,
Карегиме ошол кездер чөгүптүр,
Секелектер,гүл жыттанган талаалар.
Сагындырат биз чуркаган көчөлөр,
Кызыгына биз жараткан оюндар.
Сагындырат айыл жыты,апалар,
Сагындырат жаз жыттанган талаалар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев