Талпынып балалык кыял менен,
Ак мектептин босогосун аттаганбыз.
Алгачкы жолу алиппени колго кармап,
"А"тамгасын биринчи жаттаганбыз.
Баарыбыз тен балдар элек бае сезим,
Турмуштагы ак,караны ылгабаган.
Эже-агайлар тапшырманы аткар десе,
Ыйлачу элек айткандарын кылбай анан.
Калем сапты колго кармап жазганыбызчы,
Туура эмес жазып алып катканыбызчы.
Кубалашып, парталарды тегеренип,
Эжей жокто классыбызды чачканыбызчы.
Качан бутот ушул сабак чарчадык деп,терезени улам карап шашканыбызчы.
Балалык молтур, таза сезим менен,
"Салам кат "-деп жазган суйуу каттарыбызчы.
Мен айтам деп кол которуп талашканыбыз ,
Айта албай кээде создон адашканыбыз.
Ичим куйот ошол кезде барктабаган,
Аруу, таза,аппак,тунук сапаттарыбыз.
Ал кезде не баркын билбей балалыктын,
Чонойсок деп Баарыбыз дегдегенбиз.
Экзамендер, чейректер келген кезде,
Качан бутот ушул кез деп жектегенбиз.
Отту Ал кез, Отту он жыл аралык,
Ар кимибиз ар кай жака тарадык.
Эх! Ошондо кеч тушунуп оксудум,
Артта калган кандай таттуу балалык.
Учуп чыктык турмуштун чон сапарына,
Биз да кирдик чон адамдар катарына.
Бир туугандай асыл,кымбат классташтарым
Бакыт табып,бактылуу жашагыла!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5