АЛЛАНЫ ЭСТЕСЕҢ
АЛЛА СЕНИ ЭСТЕЙТ.
Аббас уулу Абу Аббас Абдулланын (ал
экөөнө тең Алланын ыраазчылыгы болсун)
айтымында: «Бир жолу мен Алланын
Элчисинин арка жагында олтурдум эле,
бир маалда Ал:
«Жаш жигит! Мен сага айрым сөздөрдү
үйрөтөйүн: Алланы ар дайым көңүлдөн
чыгарба, (ошентсең) Алла сени коргойт.
Алланы эсиңен эч чыгарба ошентсең Ал
сага аброй, кадыр — барк бергенин
көрөсүң. Эгер сен сурасаң Алладан гана
сура. Эгер сен жардам издесең Алладан
изде жардамды. Билгиниң: Эгер эл чогулуп
сенин мартабаңды (даражаңды) көтөргөнү
жатышса алар сенин мартаба-даражаңды
Алла сенин тагдырыңа жазгандай гана
(көтөрө алышат), билгин: Эгер эл чогулуп
сага бир залал (зыян) келтиргени жатышса
да алар сага тагдырыңа Алла жазган
залалды гана келтире алышат. Калем
(кагаздан) ажыраган жана барактар
кургаган»- деди.
(Тирмизиден)
Ал бул хадис тууралуу: Мыкты, туура
хадис- деген. Ал эми Тирмизиникинен
башка да бир хадисте мындайча айтылган:
«Алла жөнүндө эсте ошондо сен Аны бет
алдыңан табасың. Алланы сен жаштык
күчүң бар кезинде таанып бил ошондо Ал
сени кыйынчылыкта (карылык, оору-
сыркоо жана башка дагы ар кандай
кыйынчылыктарда) таанып билет
(камкордук көрөт, коргойт, сактайт).
Билгиниң жеңиш чыдамкайлык (сабыр)
менен (болот), рахат кайгыдан кийин,
жеңилденүү кыйынчылыктан кийин болот».
АЛЛАНЫ ЭСТЕСЕҢ
АЛЛА СЕНИ ЭСТЕЙТ
ДЕГЕН МААНИНИ
КАМТЫГАН
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН
ХАДИС МААНИСИ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев