Намаз исламдын шахада
келмесиден кийинки эң улук
ибадат
Аллах Таала мушриктер
жөнүндө Куранда: “ Эгер алар
тооба кылып, намазын толук
аткарып, зекет беришсе, анда
алар силердин диндеш
тууганыңар” - деп айткан.
(тооба: 11)
Аллахтын элчиси (ага
Аллахтын салават саламдары
болсун) Муъазды Йеменге
жөнөтүп жатып:
“Сен ахли китеп ээлерине
жөнөп жатасың. Эң биринчи
жалгыз Аллах Таалага ибадат
кылууга чакыр. Эгерде кабыл
кылышса анда Аллах
Тааланын күнү – түнү беш
убакыт намаз окууну парз
кылганын кабар бер,….” –
деди. {Бухари, Муслим}
Бул хадисте да
Пайгамбарыбыз намаздын
зарылдыгын белгилеп Аллах
Таалага ыйман келтиргенден
кийин эле намаз окууга
чакыр, - деп Муъазга буюруп
жатат.
2}. Намаз– диндеги эң зарыл
нерсе.
Намаз шахада келмесинен
кийинки улук ибадат. Анын
диндеги орду баштын
денедеги ордундай. Башcыз
жашоо жок болгондой эле
намазсыз да дин болбойт.
Муъминдердин амири Умар
бин Хаттоб кол астындагы
шаарларга кат жазып: “Мен
үчүн силердин ишиңердин эң
зарылы намаз, ким намазды
сактаса ал динин сактаптыр,
ким жок кылса, андан
башкасын жоготуу тез эле.
Намазды калтырган инсанда,
исламдан эч кандай насиби
жок,” – деген экен.
Намаз диндеги башка
ибадаттарга жардамчы,
эмнеге дегенде ал Аллах
Тааланын улуктугун, ''ибадат''
– бул моюн сунуу, баш ийүү
экенин жана сооп менен
күнөөнү бир күндө беш маал
эске салат. Ошондо гана
пендеге ибадаттарды аткаруу
жеңил болот, ошон үчүн
Аллах Таала Куранда:
“Сабырдуулукжананамазменен
{Менден} жардам сурагыла” - деп
айткан. { Бакара: 153.}
Аллахтын элчиси (ага
Аллахтын салават саламдары
болсун): “Иштин башы Ислам,
анын түркүгү намаз"-
деген. Чатырды тургузуп
турган түркүк сымал намаз да
диндин түркүгү. Эгерде
чатырдын түркүгү болбосо,
миң казык чатырды тургуза
алабы? Албетте тургуза
албайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев