Айша энебиз баяндаган хадисте:
Чөлдө жашаган бир араб
пайгамбарыбызга (САВ) келип
мындай деп айтты:“Силер
балдарыңарды өбөсүңөрбү? Биз
болсо өппөйбүз. Пайгамбарыбыз
(САВ): ”Аллах сенин жүрөгүңөн
мээримдүүлүктү алып койсо,
мен эмне кылайын? (мен сенин
жүрөгүңө мээрим бере албайм)
деген”.
(Бухарий жана Муслим)
Сахабалардан Зарбий бул
хадисти баяндаган: Анас бин
Малик мындай дегенин уктум:
“Карыган бир адам
пайгамбарыбызды (САВ)
көрүүүчүн келди. Ал жердегилер
тосуп алып, кары адамга жер
бошотууда кечигишет.
Пайгамбарыбыз (САВ):
“Кичүүлөрүнө ырайым
кылбаган, улууларына урмат
көрсөтпөгөн бизден эмес
(мусулман эмес)” деп айтты”.
(Тирмизий)
Абу Хурайра бул хадисти
баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ)
айтты: “Ырыскысынын кенен,
өмүрүнүн узун болуусун
каалаган адам (тууган-
уруктарына каралашсын) алар
менен болгон байланышын
үзбөсүн”.
(Бухарий, Муслим жана Абу
Дауд)
Абу Хурайра бул хадисти
баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ)
мындай деп айтты: «Адамдын
бейиште даражасы көтөрүлөт.
Буга таң калган адам: «Бул
кайдан чыкты?»- деп сурады.
Ага: «Балаң сенин
күнөөлөрүңдүн
кечирилүүсүүчүн дуба кылуудан
улам”,- деп айтылат.»
(Ибн Маажа)
Абу Хурайра бул хадисти
баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ)
мындай деп айтты: “Ким
Аллахка жана Кыямат Күнүнө
ыйман келтирсе, мейманын
сыйласын. Ким Аллахка жана
КыяматКүнүнө ыйман келтирсе,
тууган-уруктары менен карым-
катнашта болсун (аларга
каралашсын). Ким Аллахка жана
КыяматКүнүнө ыйман келтирсе,
жакшы сөз сүйлөсүн, же
унчукпасын”.
(Бухарий жана Муслим)
Айша энебиз баяндаган бул
хадисте Пайгамбарыбыз (САВ)
мындай деп айтты: “Сообуна эң
тез жете турган кайырдуу иштер,
жакшылык кылуу жана тууган-
уруктар менен карым-катнашта
болуу. Жазасы эң тез келе турган
жамандыктар, чектен чыгуу
жана тууган-уруктар менен
болгон карым-катнашты үзүү”.
(Ибн Маажа)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев