себепкер болсо, аны аткаргандай
сооп табат.
(Муслим, Имаара -133; Абу
Дауд, Адаб-115)
Кимде ким бирөөнүн
кемчилигин көрүп айыптаса, ал
нерсе өзүнүн башына келмейин
өлбөйт.
(Тирмизий, Кыяма-53)
Мусулмандын пайдасыз сөз-
аракеттен алыс болуусу – анын
мусулманчылыгынын жакшы
жышааны.
(Тирмизий, Зухд-11; Ибн
Маажа, Фитан-12)
Аллах сулуу, сулуулукту сүйөт .
(Муслим, Иман-147; Ибн
Маажа, Дуа-10)
Аллах кулдарына жумшак
мамиле кылат, бардык иштерде
жумшактыкты сүйөт.
(Бухарий, Иститаба-4;
Муслим, Бирр-47)
Чыныгы сабырдуулук –
кыйынчылыктын алгачкы
учурунда.
(Бухарий, Жанаиз-43; Муслим,
Жанаиз-14-15)
Адамдарга ырайым кылбаганга,
Аллах да ырайым кылбайт.
(Бухарий, Таухид-2; Муслим,
Фазаил-66)
Үнөмчүл болгон жакыр болбойт,
кеңешкен адам өкүнбөйт.
(Табараний, Мужамул-
Кабиир-10/108; Ажлуний,
Кашфулхафа-2/246)
Аллах шыпаасын жаратпаган
бир да оору жок.
(Бухарий, Тыбб-1; Ибн Маажа,
Тыбб-1)
Досуң менен өтө эзилишпе, бир
күн кас болорсуң,
Касың менен өтө кесилишпе,
бир күн дос болорсуң.
(Тирмизий, Бирр-64)
Арактан сактангыла, анткени
арак бардык жамандыктын
башаты.
(Насаий, Ашриба-44)
Иштеген адамдын акысын тери
кургай электе бергиле.
(Ибн Маажа, Рухуун-4)
Шектүү нерселерден кач, шексиз
нерселерге жанаш.
(Бухарий, Буйуу-3; Тирмизий,
Кыяма-60)
Кайда болсоң да Аллахтан корк.
Жаман ишиңдин артынан
жакшы иш жаса, ал
жамандыкты өчүрсүн.
Адамдарга адептүү мамиле кыл.
(Тирмизий, Бирр-55)
Бири-бириңерге белек бергиле,
сүйүүңөр артсын.
(Ибн Малик, Хуснул-Хулк-16)
Мусулмандардын көпчүлүгү
баркына жетпеген эки нерсе бар:
ден соолук жана бош убакыт.
(Бухарий, Рикак-1; Тирмизий,
Зухд-1)
Чыныгы мусулман – тилинен,
колунан башка мусулмандарга
зыяны тийбеген адам.
(Бухарий, Иман-4)
Тозок отун көрбөгөн эки көз бар:
Аллахтан коркуп ыйлаган көз
жана Кудай жолунда мекенин
коргогон жоокердин көзү.
(Тирмизий, Фазаилул-
Жихад-12)
Адам досунун дининде болот.
Ошондуктан ким менен
достошконуңарга көңүл бургула.
(Абу Дауд, Адаб-16; Тирмизий,
Зухд-45)
Суу отту өчүргөндөй, садака да
күнөө-каталарды өчүрөт.
(Тирмизий, Иман-8; Ибн
Маажа, Зухд-22)
Мусулман мусулмандардын бир
тууганы, ага зулумдук кылбайт,
кыйынчылыкта жалгыз
таштабайт .
(Бухарий, Мазалим-3; Муслим,
Бирр-58)
Акылдуу адам өзүн-өзү суракка
тартып, өлүмдөн кийинкиси
үчүн кам көрөт. Алсыз, акмак
адам напсиси каалаганды
ээрчип, Аллахтан курулай
үмүткөр болот.
(Тирмизий, Кыяма-25; Ибн
Маажа, Зухд-31)
Үч киши болсоңор, экөөңөр
досуңардан четтеп
шыбырашпагыла (бул анын
көңүлүн оорутат).
(Бухарий, Истизан-47;
Муслим, Салам-37)
Аллахка жаккан иш – аз болсо
да уланып турган иш.
(Муслим, Салатул-
Мусафирин-218)
Элге ишеничтүү, чынчыл, туура-
так жүргөн соодагер Кыяматта
шейиттер менен бирге болот.
(Тирмизий, Буйуу-4; Ибн
Маажа, Тижарат-1)
Аййуб бин Муса атасы аркылуу
чоң атасынан бул хадисти
баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ)
мындай деп айтты:“Эч бир ата,
балага жакшы тарбиядан дагы
баалуу белек бере албайт”.
(Тирмизий)
Сахабалардан Абу Сайид ал-
Худрий бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ) мындай
деп айтты: “Кимүч кыз
чоңойтуп, жакшы тарбиялап,
күйөөгө узаткан болсо, ал үчүн
Бейиш бар” .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев