Ыймандын
ыракаты.
16(16). Анастын (Алла ага ыраазы
болсун) сөздөрүнөн пайгамбар
алейхиссаламдын мындай дегени
кабар кылынат: «Ыймандын
таттуулугун үч (сапаты) менен
айырмаланган: Алланы жана Анын
элчисин бардык башка нерселерден
жакшы көргөн, (тиги же бул) адамды
Алла үчүн гана сүйгөн жана
каапырдыкка кайтууну отко
ташталганды каалабагандай
каалабаган (адам) сезет».
9-БАП. Ансарларды[7] жакшы көрүү
ыймандын белгиси экендиги
жөнүндө.
17(17). Анастын (Алла ага ыраазы
болсун) бул айткандарынан
пайгамбар алейхиссаламдын мындай
дегени рабаят этилет: «Ыймандын
белгиси болуп ансарларды жакшы
көрүү саналат, ал эми эки
жүздүүлүктүн белгиси -(аларды) жек
көрүү».
7 Ансар («насир» сөзүнүн көптүк түрү,
кыргыз тилинде көптүк түрүндө гана
колдонулат) -Йасрибде (Мединада)
жашаган аус жана хазраж урууларынын
адамдары, алар пайгамбар Мухаммад
алейхиссаламды өздөрүнүн диний устаты
катары таанып, ага жана анын меккелик
сахабаларына өз шаарынан баш паана
берип, материалдык жардам көрсөтүшкөн.
Пайгамбар алейхиссаламдын демилгеси
боюнча ансарлар менен мухажирлер бири-
бири менен туугандашкан.
18(18). Бадр согушуна[8] катышкан
жана Акаба түнүндө [9] башчылардын
бири болгон ’Убада бин ас-Самиттен
(Алла ага ыраазы болсун) рабаят
этилгендей, бир жолу Алланын
элчисинин тегерегине анын
сахабалары чогулганда ал аларга
мындай деген: «Мага Алладан өзгө эч
кимге сыйынбайбыз, уурулук
кылбайбыз, зынаакордук (ойноштук)
кылбайбыз, өз перзенттерибизди
өлтүрбөйбүз[10], жүрөктөрүбүз ойлоп
тапкан жалганды жайбайбыз [ 11 ]
жана (шарият тарабынан)
кубатталган нерсеге моюн сунуудан
баш тартпайбыз деп ант бергиле. Бул
антка бек турганыңарга Алла сыйлык
атаа кылат, ал эми бул (күнөөлөрдүн)
кээ бирлерин жасап, бул дүйнөдө
жазасын алгандар үчүн ал жаза
күнөөсүн актоо катары кызмат
кылат. А эгерде кимдир-бирөө бул
(күнөөлөрдүн) кайсы бирин жасап,
Алла аны жашырса, анда аны Алла
(Өзү) чечет: кааласа аны кечирет,
кааласа жазалайт». (’Убада айткан :)
«Анан биз ага ошол нерселерге ант
бердик».
8 Бадр — Мединадан 150 чакырым келген
түштүк-батыштагы кудуктар тобу
жайгашкан жер. 624-жылдын 15-мартында
бул жерде мусулмандар пайгамбар
алейхиссаламдын жетекчилиги алдыңда
Меккеликтердин сан жагынан басымдуулук
кылган колунун үстүнөн
алейхиссаламдын жетекчилиги алдыңда
Меккеликтердин сан жагынан басымдуупук
кылган колунун үстүнөн биринчи чоң
маанилүү жеңишке жетишкен. Бул
салгылашуунун катышуучулары чоң урмат-
сыйга ээ болушкан, ал эми пайгамбар
алейхиссалам алардын бардык күнөөлөрү
кечирилет деп убада кылган.
9 Акаба- Меккенин жанындагы Мина
өрөөнүндөгү жердин аты. 620-жылы ажы
мезгилинде Мединада (Йасрибде) жашаган
аус жана хазраж урууларынын өкүлдөрү
пайгамбар алейхиссаламга келишкен. Алар
ага Исламга ыкрар болууга (моюн сунууга)
жана жогорудагы хадис менен
«Мумтахана» сүрөөсүнүн 12-аятында
айтылгандарды кылбоого ант беришкен.
Мусулман тарыхында бул окуя «биринчи
Акаба» деп аталып калды. «Экинчи Акаба»
деп пайгамбар алейхиссаламдын
жетимиштен ашуун Мединалыктар менен
өзүнүн Мединага көчүшү жөнүндөгү
маселени биротоло чечүү үчүн
жолугушуусу аталат, бул иштин
аткарылышын камсыз кылуу үчүн ал
арасында ’Убада бин ас-Самит да болгон
өзүнүн 12 өкүлүн, башкача айтканда
башчыларды /нукаба/ дайындаган.
10 Сөз мында бедуиндердин ачарчылык
жылдарында өздөрүнүн ымыркай
кыздарын жерге тирүүлөй көмүп өлтүргөн
учурлары болуп жатат. Аларды шерменде
болуудан коркуп да өлтүрүшкөн.
11 Мында бейкүнөө адамдарга жалган
жалаа жабуу керек эместиги назарда
тутулган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев