БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ
💎 *СТОЛДУН ҮСТҮНДӨ ТАМАКТАНУУ СҮННӨТКӨ КАРШЫ*
🌿Анас (р.а) айтат:" Пайгамбарыбыз (с.а в) столдо эч качан тамак жеген эмес. Пайгамбарыбыз (с.а в) улоого мингенде бирөөнүн артына отурат эле, Пайгамбарыбыз (с.а в) тамактын дастарконун жерге жайчу, Пайгамбарыбыз (с.а в) кулдардын тамака чакыруусун кабыл кылчу. Эшекке минчү.
*Пайдасы:* Бул бардыгы Пайгамбарыбыздын (с.а в) кичи пейилдигинин белгиси.
💎 *ТАЯНЫП ТАМАК ЖЕШ СҮННӨТКӨ КАРШЫ*
🌿Абу Жухайфа (р.а)айтат: Пайгамбарыбыз (с.а в) айтты:
"Мен таянып тамак жебеймин."
🌿Анас(р.а) айтат:" Пайгамбарыбыз (с.а в) айтты:
"Мен пендемин, анан кулмун. Ошондуктан кул сыяктуу жеп-ичемин."
🌿Абдулло Бин Бусур (р.а) айтат: Мен Пайгамбарыбызга (с.а в) эчкинин этин алып келдим Пайгамбарыбыз (с.а.в) чөгөлөп отурган абалда жей баштады. Бир бедуин: Бул кандай олтуруш?- деп сураганда, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деп жооп берди:
*"Алла Таала мени жакшы пенде кылып жараткан текебер кылып жараткан эмес."*
*Пайдасы:* Таянып жеш макрух. Таянып жештин сүрөттөрү бар болсо, алардын барына тыюу салынган.
1) Эки чыканактын кайсы бир чыканака таяну.
2) Жерге бир колду коюп тамактануу.
3) Мандаш токунуп олтуруу.
4) Желкени дубалга сөйөп олтуруу же жаздыка таянуу.
Булар бардыгы текеберлерлин адаты. Ошондуктан ушул сүрөттөрдө тамак жештен тосулду.
Ал эми момундун тамагы да ибадат. Ибадатта болсо кичи пейилдик болот. Бирок, кээде мөмө жемиштерди бир эки жолу таянып жегенге уруксат бар.
🌿 Абу Дауддун (р.а) хадисинде келген:" Пайгамбарыбызга (с.а в) курма алынып келинди. Пайгамбарыбыз (с.а в) таянган абалда жеди."
💎 *ТАЯНЫП ТАМАК ЖЕГЕНДИН ЗЫЯНДАРЫ*
🌿 Ибн Кайюм (р.а)баян кылат:
"Ушундай тамак жеш жеген кишиге зыян жеткирет, ашказанга тамак оңой менен жете албайт. Ашказан бир тарапка ооп калат жана тамактын жолун да тосуп калат.
🌿 Ибн Шахин (р.а) Атонун (р.а) сөзүн баян кылат:
"Жабраил (а.с) Пайгамбарыбызды (с.а.в) таянып тамак жештен тоскон."
Ибрахим Нахаи (р.а) аны курсак чоңоюп кетпесин деп макрух деген.
📖уландысы бар.......
📚" *МУХАММАД САЛАЛЛООХУ ЪАЛАЙХИ ВА САЛАМДЫН СҮННӨТТӨРҮ*" китебинен
🕌КМДБ МОСКВА
Катталыңыздар ⤵ https://ok.ru/kmdb.moskva
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев