*💬СУРОО:* Зекет деген эмне? Такыр түшүнүк жок. Кененирээк түшүндүрүп бериңизчи.
*✅ЖООП:* Кененирээк айтыш үчүн эки томдук эмгек жазыш керек болоор. Аллаама Юсуф Кардаавийдин зекет туурасындагы китеби эки томдук үлкөн эмгек. Сен жакшысы зекет туурасындагы китептерди таап оку, түшүнбөгөн жериңди сурасаң жардам берели...
*💬СУРОО:* Мен былтыр турмушка чыккам. Ала качып келишкен. Ошондо тууган-уруктун алдында кайнатам: «Той кылып берем»,- деп сөз берип, той өтчү күндү да белгилешкен. Кийин ошол күн келгенде «Мен андай деген эмесмин»,- деп жеңип кеткен. Ушул туурабы?
*✅ЖООП:* Туура эмес. Бирок сен тилиңи тишиңе катып жашай бер. Утуш сеники болот.
*💬СУРОО*: Ооз бекиткенден кийин гусул алса болобу?
*✅ЖООП:* Болот.
*💬СУРОО*: Мусулман адам көлгө барып, аялдар башка, эркектер башка сууга түшсө болобу?
*✅ЖООП:* Болот. Эркектер өздөрүнчө түшкөндө киндик менен тизенин ортосу жабылуу туруусу кажет. Аялдарга да мына ошондой тартип.
*💬СУРОО:* Мен намаз окуп, хижап кийем десем ата-энем каршы. Дүкөндө иштейм, ичимдик да сатабыз. Ичимдиктерди кармайт экемин, эмне кылам?
*✅ЖООП:* Башка иш издеп иште. Тапкан акчаңы ата-энеңе алып келип бер. Арак сатканың жакшы эмес.
*💬СУРОО:* Мен сиздей илимдүү хафиз болгум келет. Табликтен Аравияда окусам болобу? Эгер болсо дарегин бере аласызбы? Ушул жерде эле окуюн дегем, кышында бир жума окуп ооруп калып кайра кайтып келдим.
Ден соолугума байланыштуу суук болбойт экен.
*✅ЖООП:* Кыргызстанда деле окуп илимдүү болсо болот.
Аравияга жалгыз барганың болбойт. Кудайым тилегиңе жеткирсин.
*💬СУРОО:* Азыр биз жеп жаткан Орусиядан чыгарылган шоколад, момпосуйларына чочконун майы кошулган экен. Аларды жебеш керек дешет, ушул чынбы?
*✅ЖООП:* Негизи чочконун майы өтө эле арзан болуп бекерге туруп калган жери жок. Ошондуктан, орустар чыгарса эле чочконун майын сөзсүз кошот деп түшүнүү да туура эмес. Ошондой болсо да айта кетчү маселе, чочконун майы, же эти кошулган азык-түлүктөрдү оозго алуу арам болот.
А түгүл чочконун кээ бир продукциялары кошулган дарылардан дарылануу да арам болот. Жаш балдарга берилчү эмдөөлөрдүн кээ бирине чочконун мээсинен алынган заттарды кошот деп укканым бар. Эгер бар болсо, ошол эмдөөлөр да жакшы эмес болуп калат.
*💬СУРОО*: Быйылкы окуу жылында мектепти аяктаган эжемдин баласы Арча-Бешик конушундагы медресеге окууга кирди. Ушул медресе тууралуу канчалык деңгээлде маалыматыңыз бар? Болсо кандай медресе, муфтиятка карайбы?
*✅ЖООП:* Абдулла бин Масьууд атындагы медресеси муфтияттын кармагында.Туура багытты оку Медресенин мүдүрү болуп азирети муфтийдин орун басары Равшанбек ажы Эратов иштейт. Медреседе кыргыздын белдүү азамат аалымдары сабак берет. Максат дамбылда, Сражуддин дамбылда, Макбул дамбылда сыяктуу өлкөндөр ошол жерде. Мен өзүм да көп учурда медресеге зыяратка барып, кээде студенттердин сынактарына катышып турам. Окуган балдардын мутаалаьасы жакшы чыгат. Кээ бир бүтүрүүчүлөрүн муфтиятка жумушка да алгам учурунда. Балаңар жакшы медресеге кириптир, Кудайым ооматын берсин.
*💬СУРОО:* Мен беш убак намаз окуйм, жолдошум болсо окубайт. Анан кыштын айрым суук күндөрүндө, гусул ала турганга мүмкүнчүлүк жок учурда мени төшөккө чакырган учурлары болот.
Мен болсо гусул алууга мүмкүн болбой калат деп кээде баш тартып коём. Бул үчүн периштелердин наалатына калбаймынбы?
*✅ЖООП:* Каласың наалатка. Гусул алууга суук тоскоол боло турган болсо, таяммум кургак даарат деген бар. Ошону менен гусулдансаң болот. Асты күйөөңдүн өтүнүчүн четке какпа, кем болбойсуң. Эр сыйлаган эшикте калбайт, ат сыйлаган жөө калбайт.
*💬СУРОО:* Намаз окуп жатсам алдымдан кичинекей балдарым өтүп кеткен учурлары болот.Бул намазды бузбайбы?
*✅ЖООП:* Жаш балдардыкы эч нерсе деле болбойт. Анткени алар мукаллаф (балагатка жете элек наристелер) эмес пенделер. Болгону сен дагы тогуз жолдун тоомуна туруп намаз окубай, кичине ыңгайына карап, жайлуу жерде окусаң көп деле чуркай койбос. Ага деле болбой чуркаса эч зыяны жок. Көңүлүңдү бир аз алагды кылганы болбосо...
*📕Акыйкат жолу китебинен*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев