Предыдущая публикация
Байлык бердиң ден соолукту бүт бердиң
Бажырайып көңүлүмдү көтөргөн
Уул бердиң ай мончоктой кыз бердиң
Жашоо бердиң жашасындеп үй бердиң
Жашоодогу жакшылыкты бүт бердиң
Жылуу сүйлөп дайым бирге болгун деп
Жарашыктуу жубай бердиң кут бердиң
Жубай бердиң ага кошуп кыз бердиң
Жашообузду тегиз кылып бүт бердиң
Жакшынакай жашап аткан кезимде
Сыноо бердиң кайгыныда тең бердиң
Кайгы бердиң капалантып сынадың
Жапжаш эле аны менден уурдадың
Айтолкундай ай мончоктой кызымды
Алдың дагы жүрөгүмдү сыздаттың
Бердиң эле кубандырып жүрөктү
Алдың эми капалантып жүрөктү
Маңдайыма жазган экен кудайым
Кайгы капа болбосунчу ылайым
автор: Мөндөшов Нурбек Жаныбекович
09,02,2018
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев