24 апреля в 22:04 · Чикаго
Ит
Бир тааныш байкелердин жоролорунун арасында кличкасы "Ит" деген досу бар экен. Анан бир жолу ошол жоролор чогулуп отуруп калышат, мен кичине бала, кызмат кылып жургом. Анан дасторконго отуруп калсам, жанагылар тамашалашып тийишип калды Ит деп. Анан ал кантип Ит атка конуп калганын айтып берип калды.
-Бир досумдун уйуно бардым эле, анан короосунда туруп ышкырып чакырып атсам, килейген ити уруп келип калды. Чуркап келип эле асылып кокурок тушка секирип мени басып жыгылды дейт. Мен жатам, ит устумдо кокурогумо эке колун койуп басып калды эле, бетимден тиштеп алат экен деп коркуп кеткенде, кандай болду билбейм, бирок инстинкт иштеп кетип, иттин мурдун иттен мурун тиштеп алдым. Коркконуман тиштеп жата берипмин, бир маалда ит кыншылап жибергенинен койо берсем, кыншылап качып кетти дейт. Ошондон тартып досторумдун арасында Ит атка конгомун дейт жылмайып:))
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев