Предыдущая публикация
Жазамын сүйүү ырын канча иреет,
Жазында нур төгүлүп демин берет.
Жазамын бул ырларды жүрөгүмөн
Жүрөктө жабыркаган сүйүү келет.
Жүрөгүм сүйүү сенден жараландың,
Сүйүү деп сезимимде кайгы тарттың.
Кыйналган сезимимди билип туруп,
Кылчайып артты карай карабады.
Жүрөгүм бул арманды ичке каттың,
Жабыркап капаланып кайгы тарттым.
Тамшантып сүйүү бербей таттуу сезим,
Бакчада жалгыз өзүм бара жаттым.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев