Предыдущая публикация
Көңүлүмдүн көкүрөгү тазарбайт
Эмнегедир эч бир көнүл ачылбайт.
Жапа чегип сүйүү турат жүрөктө,
Сенин сүйүүн мага неге кылчайбайт.
Канча убак өтүп барат арадан,
Кайгы муңга толуп барат байкасам.
Канат кагып уча албаган куш сымал,
Сезимимдин канаты да жашынган.
Тагдырымдын татаалдыгын айтпадым.
Таң атканча кирпигимди какпадым.
Тан шооласы чачыраган кезинде
Талымсырап уйкуга мен баткамын.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев