Предыдущая публикация
Жүрөгүмдө сүйүү сезим жаралган
Сүйүү гүлү жасалгандыр алтындан.
Сүйүү турат жаралатып жүрөктү
Ал сүйүүгө жете албастан кыйналам.
Удургутуп бороон болуп айдалган,
Уйпаланып чачым кетти саксайган.
Санаа тартып сага деген сезимим
Махабатым бир өзүңө арнаган.
Ак баракка жүрөк сыры жазылып,
Ичте турат сүйүү сыры катылып.
Сени күткөн сезимдерим жабыркап
Кокүрөктө кетпей турат капалык
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев