Апаке мынча шаштыныз.
Аз беле мынча бактыныз.
Арманга толгон алдамчы.
Ааламдан ерте кайтыныз.
.
Арманын оюн коп еле.
Маселе салсан топ еле.
Жаратпай жаапжаш озунду.
Койбойбу ажал жон еле.
.
Оопасыз ошол жалгандын.
Котордук башка салганын.
Омурдон таакыр очурбос.
Озундон калган тамгамын.
.
Кеткенде апам келбеске.
Кемидим ыйлап тан кечте.
Раазы бол апа мурзоно.
Ыр менен койдум гул десте.
.
Арадан билимсизден.
каардуу кундор отту.
Жетим деп жек корушуп.
Кишилер даалай сокту.
.
Иним менен карындашым.
Мектептен ыйлап келди.
"Бирге окуган классташым.
Ал бизди жетим деди".
.
Кайгырба карындашым.
Баарысы жакшы болот.
Жараткан аларга да.
Жазасын берип койот.
.
Карындашым кара козун.
Колу менен арчып жаты.
Колудан ылдый карап.
Коз жашы агып жаты.
.
Коз жашты тыялбадык.
Бири бирибизди кыялбадык.
Кучактаап кана олтурсак деп.
Енекебизди кыялдадык.
.
Афтор:Сырматов Сейиткул.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1