Убакыт учкан куш сыяктуу. Ошол куну экинчи курсту аяктап, акыркы пара отурганда тел СМС келди. Ачсам бейтааныш номер экен. "С днём Рождения" - деген кат. Кызык, ким экен бул? Мени кайдан билет?-деп, сабактан алаксыбайын деп тим болдум... Пара бутуп, окуу жайдан чыгып баратсак алдыма кимдир бироо бир букет гул сунду. Карап коргон козумо ишенбедим. Туш коруп датам го деп ойлодум. Ойгонбосом экен деп тиленип жаттым. Бет мандайымда Сагын турат. Дагы бир жолу Туулган кунун кут болсун! дегенде СМС жазган да Сагын экенин билдим. Белекке гул алган сонун, аны суйгонунон алсан ансайын сонун болот турбайбы ... Жургуло майрамдайбыз деп эки курбуму,мени ой бойубузга койбой кафеге алып барып майрамдамай болдук. Жомоктогудай эле сезилип жатты. Кеч кире баштаганынан айылга кетишим керек эле, баралы эми деп таркай баштадык . Сени озум узатып коем, машинеге отур дейт. Кой уят, айылдагылар туура эмес ойлоп калышат десем, берээректен тушуруп коем деп болбой бирге жонодук. Жол жургончо жакындан тааныштык. Менден беш жаш улуу, мед академияны аяктап, инфекционныйда иштеп баштаптыр. Уй булоодо эки уул экен. Озу жонундо, ата-энесин айтып баратты. Мен да озум жонумдо айтып бердим. Сени коп издедим, эсимден эч кетпей койдун-деген сайын помидордой кызарам, уялып. Айылга жетейин деп калганда ушул жерден токтотуп кое бериниз деп коштошуп машинеден тушуп таксиге отурдум. Маанайым которунку уйго бардым. Апамдарды сагынган экенмин. Айылдын таза абасын, апамын ысык нанын ... Кундо Сагын мн тел аркылуу суйлошуп журдук. Ансыз жашоом токтоп калчуудай сезилет. Тезирээк каникул бутсо экен. Шаарга барсам, Сагынды корсом деп тиленип журдум. Ал айылга барам сени коруп келем дейт, мен айылдаштар оозу менен басып калат буту эстен чыгып, келбе дейм. Ошентип 3-курс болдук, шаарга бардым. Сагын мн жолугуп паркта сейилдейбиз, эрчишип эгиз козудай жетелешип алабыз. Коргондун баары суктанышат эле...
Мезгил зымырап, бутуруучу курс болдук. Группалаштар менен тоого эс алганы бардык. Сагын да 3-4досу менен биз менен барды. Группалаштар менен тааныштырдым. Эля деген группалашым шыйпандап эле Сагындын жанынан кетпей, экоо катуу маек куруп калышты. Жылдыз эмнени эле кобурашып атасынар десе Сагын Мээрим экообуз таанышканыбызды айтып берип атам деп койгон. Кеч кире баштаганда шаарга кайттык. Эртеси Эля кыздарга айтыптыр. Сагын Мээримди суйбойт экен. Мээрим озу асылып, Сагындын артынан эрчип журот экен. Кечээ озу айтты дептир. Угуп алып журогум лакылдап, тамагыман бироо буугандай болуп, жутунсам ары кетпей бери келет. Уч жыл аралыкта Сагын мн урушуп талашсак да мынчалык катуу запкы жебеген эле. Чын эле айтканбы? Же Элянын ушагыбы? Сагынга СМС жаздым... Тажасан жолукпай эле кой-деп. Дароо эле звонок кылды эле албай койдум. Парага кирбей, ооруп атам деп жооп сурап, кв кетип калдым. Барып жатып алып буркурап ыйладым. Бир убак эшик тыкылдады жата бердим. Жылдыз экен ач эшикти дегенинен ачсам жанында Сагын туруптур. Терс бурулуп баса бергенимде, токточу суйлошолу деп колумдан тартты. Жылдыз баарын айтып берди. Мен Эляга андай соз айтпагам, керек болсо бетине коюп берём деди. Кайра жараштык. Бир куну Эля Сагын экоо тушкон суротту корсотуп, мына экообуз суйлошуп атабыз, бирок Мээрим дагы эле артан эрчий берет экен дептир. Эля сен ушунчалык бузуку экенсин, сага соз жок дегенден башка соз айта албай, козумо жаш тегеренип куратор кирип калганыган жашымды араан тыйдым... Кечиде Сагын келгенде тел берип турчу десем бербейт, не секретин барбы? десем жок, заряды очуп атат деп бербейт. Берсен деп талашсам, жок не кыласын, текшересинби? Сен озгоруп калдын озу? деп катуу суйлоду. Эч катуу какчу эмес эле. Ыйлап кв кирип кеттим. Эртеси практикага бир айга чыктык. Мен айылга баса бердим. Бир ай бою Сагын менен суйлошподук. Практика бутту, анан ЖОЖду да аяктадык. Сагын дайынсыз. Ал да чалбады, мен да. Кузундо диплом алдык. Сагын мн Эля жолугуп журот имиш дегенин угуп, сыртыман нары отуп кетсин деп коем, ичимен сыздап, куйуп кул болдум. Айылдык Банкка келип жумушка орноштум. Эки айдан кийин атамын досу куда тушуп келиптир. Атам берсем ушуга берем бербесем эч кимге бербейм деп макулдугун берип коюптур. Бир он беш кундон кийин той. Тийбейс десем болушпайт, анда сенден кечебиз дешип. Омурумдо корбогон балага турмушка чыктым. Бирге жаткым келбейт. Кетип калайын дейм, ата энеми ойлойм. Сагын менен салыштыра берем... Куйому коргум келбей тетири карап жатып алам. Суйлосо кагып берем... Болушунча оноруму корсоттум. Бир куну эрте уктап калыптыр. Ошондо биринчи жолу куйомун жузуно тигиле карадым. Жылдыздуу экен, жузундо НУРУ бар. Мынча бул бечараны кыйнадым экен. Тетири карап жатып алган экен, артынан бекем кучактап алдым. Ошол туну экообуздун биринчи тунубуз болду. Бир айдан кийин боюма бутуп калыптыр. Анан куйоомун артынан эрчип калдым...корбосом тура албай калдым... Токсикоз дегени ушул болсо керек... Тогуз айдан кийин кыз тородум. Атасынын копиясы... Бир куну эле соц тармактан Сагын жазыптыр... Мени кечирип кой... Сага уйлонбогонумо окунуп жатам.. Эля мен ойлогондой эмес экен деп... Менин бактымы бузба, мен сенден кетип туура кылыпмын, Мени барктаган жарга туш болдум, эми жазба деп игнор кылып койдум. Жолдошум мен конгучо сабыр кылды... Эгер сабыр кыбаса мынтип эки чырактай Кыздар торолмок эмес, ажырашып кетсек бактысыздар кобоймок. Азыр учунчу перзентибиздин жарык дуйного келишин кутуп жатабыз. Аллахка шугур!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1